Көк бөрү

Википедия дан
Көк бөрү
Мүнөздөмөсү
Категориясы

Командалык оюн

Командадагы спортчулар

12

Биринчи мелдеш
Дүйнө чемпиондугу

2019

Башка мелдеш

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (2014, 2016, 2018, 2020)

Эл аралык федерация
Аталышы

Бүткүл дүйнөлүк көк бөрү федерациясы

Негизделген жылы

1996 жыл

Федерациянын башчысы

Кыргызстан

Көк бөрү - кыргыз элинин ат үстүндө ойнолуучу спорт оюндарынын бири.

"Манас" эпосундагы:
Бөлүнүп ордо, чын мөрөй,
Атпай турган жер бекен?
Жатпай оюн, көк бөрү
Тартпай турган жер бекен? - деген саптар көк бөрүңүң байыркы оюндардан экендигин баяндайт.

Көк бөрү тегиз жерде ойнолот. Оюнга 10-15 жаштагы уул балдар кунан минип катышат. Оюнчулардын саны чектелбейт. Оюнчулар өздөрүнөн оюнга калыс шайлашат. Калыста эчкинин чылгый териси болот. Ал «Көк бөрү» деп аталат. Деги эле «Көк бөрү» деген терминдин келип чыгышы, илгерки күчкө толуп турган жигиттер кадимки эле бөрүнү (карышкырды) чаап алып, талашып- тартышып ойношкондугу менен байланышкан. Азыркы мезгилде бул оюн шартка ылайыкташтырылып, кыйла маданиятташтырылган. Эгер көк бөрүгө 17 жаштанөткөн карылуу жигиттер катышса, башы кесилген улак (көбүнчө серке), айрым учурда торпок да тартылат. Көк бөрүгө тартылуучу жер, мара белгиленет. Калыс оюнчуларды шамдагайлыгына, чабендестигине жараша барабар санда эки жаатка бөлөт. Ал атчан келип, колундагы көк бөрүнү оюнчулардын ортосуна таштайт. Оюнчулар ат менен жоолошуп келип, алардын ичинен мыкты чабендеси көк бөрүнү эңип алып качып жөнөйт. Ал көк бөрүнү ыңгайы келсе өнөктөштөрүнө берүүгө, аягында баттага (маарага тай казан (финиш) таштоого, ал эми атандаштары көк бөрүнү андан жулуп алып, өздөрүнүн баттага (марасына, тай казан) таштоого аракеттенишет.



Оюндун жүрүшүндө кайсы жаат көк бөрүнү марага таштаса, ошол жаатка бир упай берилет. Калыс, упайларды каттап турат. Оюндун акырында упайлар эсептелет. Кайсыл жаат көп упайга ээ болсо, ошол жаат, оюнда утут. Бул оюн «Улак тартыш» деп да аталат.