Көлн
Көлн | |||
Köln | |||
| |||
Өлкө |
Германия | ||
---|---|---|---|
Германия жерлери|Жер |
Түндүк Рейн-Вестфалия | ||
{{:if:Германиянын райондору|Район|Германиянын райондору|Район|Район}} |
Линденталь | ||
Ички бөлүнүшү |
9 ички район | ||
Юрген Ротерс | |||
Тарыхы жана Географиясы | |||
Аянты |
405,15 | ||
Бийиктиктиги |
37,5-118,04 | ||
Калкы | |||
Калкынын саны |
1007119 (2010) | ||
Жыштыгы |
адам/км2 | ||
Сандык идентификаторлор | |||
Убакыт аралыгы |
+1 | ||
Телефон коду |
02 21 ,0 22 03,0 22 32,0 22 33 | ||
Почта индекси |
50441-51149 | ||
Автоунаа коду |
K | ||
http://www.stadt-koeln.de/ |
Көлн (нем. Köln) — Германиянын батышындагы шаар. Түндүк Рейн-Вестфалия жеринде (административдик-аймактык бирдик). Көлн административдик округуна карайт. Линденталь районуна кирет.
Калкы 1,0 млн киши (2010);[1] калкынын саны боюнча өлкөдөгү 4-шаар (Берлин, Гамбург жана Мүнхенден кийин). Болжолдуу аянты - 405,15 км². Мамлекет ичинде бекитилген расмий коду — 05 3 15 000. Мэр — Юрген Ротерс.
Шаар административдик курамы боюнча 9 шаардык районго бөлүнөт.
Рейн дарыясындагы порт (жылына 15 млн т жүк ташылат). Ага жакын жайгашкан шаарспутниктеринин калкы 2 млндон ашык. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. Германиянын ири банктарынын штаб-квартиралары жайгашкан. Өлкөнүн соода-финансы борбору. Машина куруу (транспорт, айыл чарба, оор, электртехникалык, радио-электроника ж. б.), мунай ажыратуу, мунай-химиялык, текстиль, парфюмерия, кагаз, тамак-аш–татымал (сыр, ун, шоколад), тамеки өнөр-жай ишканалары иштейт. Көльн – дүйнөлүк маанидеги автомобиль өнөр жай борбору. Америкалык «Ford Motor Company» жана япониялык «Toyota Motor Corporation» автоконцерндеринин штаб-квартиралары, DAF, «Mazda», «Nissan», «Volvo» компанияларынын кеңселери жайгашкан. Метрополитен иштейт. Университеттер (анын ичинде Көльн), китепканалар, тарыхый архив, 40тан ашык музей (анын ичинде көркөм кол өнөрчүлүк, Епархия, Вальраф-Рихарц-Лүдвиг, Кунстхалле, Чыгыш Азия искусствосу ж. б.) бар. Көльн – Европанын музыкалык театр борборлорунун бири. Бир нече театрлар (анын ичинде опера жана балет), Мамлекеттик жогорку музыка мектеби, филармония, ири концерт залдары иштейт. Б. з. ч. 1-кылымдан белгилүү. 785–1273-жылдары архиепископтуктун борбору. Орто кылымда Ганза мамлекетинин башкы шаарларынын бири болгон. 1475-ж. эркин империя шаар статусун алган. 1946-жылдан Түндүк Рейн-Вестфалия жеринин курамында. Роман (10–13-кылымдар) жана барокко (17–18-кылымдар) стилиндеги чиркөөлөр, готика стилиндеги собор (13–19-кылымдар), ратуша (14–15-кылымдар), турак жайлар (13-кылым), ренессанс стилиндеги цейхгауз (16–17-кылымдар) сакталган. Эл аралык музыка фестивалдары жана бүткүл дүйнөгө белгилүү жармаңке-көргөзмөлөр өткөрүлүп турат. Ири парктар, зоопарк, «Флора» ботан. багы (экзотикалык өсүмдүктөр өстүрүлөт) уюштурулган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- ↑ Amtliche Bevölkerungszahlen. Текшерилген күнү 18 -сентябрь (аяк оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 29 -июль (теке) 2011.
Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]
|
Калып:Германия:Линденталь Район:Шаарлар
Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |