Көркөм өнөр жана дизайн

Википедия дан

Көркөм өнөрлөр - живопись, скульптура жана графиканы бириктирген пластикалык өнөрлөрдүн бөлүмү. К.ө. болмуштуу көркөм образдар аркылуу элестүү чагылдырат. Жалпылоо, типтештирүү ыкмалары жана сүрөтчүнүн кыялы аркылуу к.ө. окуяларды, рух, ой, сезим, мамилелерди эстетикалык түрдө ачуу, коомдук идеяларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Дизайн (англис тилинен design - ой - долбоор, проект, сызык, сүрөт) - буюм чөйрөсүнүн эстетикалык жана функционалдуу сапаттарын жаратуу максатында аткарылган долбоорлоо ишинин ар кандай түрлөрү. Кууш мааниде, д.- көркөм конструкциялоо.