Көчкүнов, Айдарбек Сулайманкулович

Википедия дан

Айдарбек Сулайманкулович Көчкүнов (орус. Айдарбек Сулайманкулович Кочкунов; англ. Aidarbek Kochkunov; 05.12.1956) – заманбап кыргыз тарыхчысы жана этнологу, коомдук ишмер. Тарых илимдеринин доктору (2014), профессор. Мурдагы Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын төрагасы (1989-1990).

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал 1956-жылы 5-декабрда Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда туулган.

1974-79-жылдары Кыргызстандын борборундагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) тарых факультетинде окуган, аны 1979-жылы ийгиликтүү аяктаган.

1979- 1996-жылдары - Кыргыз УИАсынын Тарых институтунун ага лаборанты, кенже илимий кызматкери, ага илимий кызматкери/

Ара-чолодо, 1981-85-жылдары, СССР ИАсынын Н.Н.Миклухо-Маклай атындагы Этнография институтунда күндүзгү аспирантурада окуган.

Мурдагы Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын төрагасы (1989-1990).

1996 – 2000 - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын ага кеңешчиси.

2002-2005-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын сырттан окуу бөлүмүндө окуган.

2000 - 05. 10. 2008 - Бишкек шаарындагы Махмуд Кашгари Барскани атындагы Чыгыш таануу университетинде проректор болуп иштеген.

17.01.10.- 08.04.2010. – Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасынын кеңешчиси.

Учурда (2010-2015-жж.) ал - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын профессору.

Коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1989-жылы Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатын, 2012-жылы “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесин негиздеген уюштуруу жыйындарына катышкан.

“КДК партиясына” да мүчө болгон.

2014-жылы 14-октябрда профессор Көчкүнов өзү иштеген окуу жайда мамлекеттик тилге анчейин көңүл бөлүнбөй жатканын кескин сынга алып, өз оюн КР Президенти А.Атамбаевге билдирди.

Бул тууралуу ал “Маралфм” үналгысына да ачыктады:

“КРнын президенти кыргыз тили толук кандуу тилге айландыруу максатында иш жүргүзүп жатат. Бирок, тилекке каршы Башкаруу академиясында кыргыз тилинин “жыты” жок. Анда болгону кыргыз тили, деловой кыргызский язык жана манас таануу сабактары кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Калган сабактардын баары орус тилинде жүрөт. Президенттин алдындагы Башкаруу академиясында жалаң орус тилдүү адистерди даярдап жатканы талапка жооп бербейт. Бул конституциялык саясатка каршы келет. Мени менен макул болбогондор анда айткандарымды калпка чыгарышсын”.

Акыры бул маселе кызуу талкуудан жана талдоодон өтүп, Башкаруу академиясынын жетекчиси кызматтан алынды.

“Маданият”, “Улуттук оюндар” расмий долбоорлорун иштеп чыгууга этнограф адис катары катышкан.

Этнография жаатындагы салымдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыздын заманбап этнография илимин өнүктүрүүгө ырааттуу салым кошуп келет.

Эл аралык жана башка 30дан ашуун илимий жыйындын катышуучусу.

(Бишкек, Ош, Москва, Ташкент, Ашгабат, Алматы, Ереван, ж.б. шаарлардагы жыйындарда этнография жаатында баяндамалар жасаган).

Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусиянын Калмакстан (Калмыкия), Хакасия республикаларында антропологиялык иликтөөлөр жүргүзгөн.

2014-жылдын 31-майында Жусуп Баласагын атындагы КУУда “Кыргыз элинин этностук салттары (коомдук-маданий аспекттер жана айрым генезистик маселелер)” деген темада доктордук ишин коргогон. Илимий кеңешчиси – профессор Абылабек Асанканов.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү. Жубайы Айнагүл да кесиби боюнча тарыхчы. Кызы Айжан, баласы Кантемир. 6 небереи бар.

Чыгармаларынын кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал 100дөн ашуун илимий макала, бир канча монография, ошондой эле энциклопедиялык жыйнактар үчүн («Кыргызстан», «Манас», «Кыргыз Тарыхы», «КСЭ») 300дөн ашуун макала, усулдук эмгектер жарыялаган.

  • «Этнические традиции кыргызского народа (социокультурные аспекты и некоторые вопросы генезиса)», диссертация, представленная на соискание ученой степени доктора исторических наук по специальности 07.00.07 – Этнография, этнология, антропология. – Бишкек, 2014.

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]