Көчкөнов Орозбай

Википедия дан

Көчкөнов Орозбай (1940-1993) - акын.

Орозбай Көчкөнов Жаңы-жол районундагы Калинин айылында 1940-жылдын 15-октябрында туулган.
1966-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Эмгек жолун 1958-жылы колхозчу болуп иштөө менен баштаган.
1966-жылдан райондук «Ленинчил» гезитинде адабий кызматкер,
1968-жылдан телекерсөтүү жана радиоберүү боюнча Ош облустук комитетинде өз кабарчы,
1969-жылдан «Мугалимдер газетасында» бөлүм башчы,
1980-жылдан «Мектеп» басмасында редактор, улук редактор, редакция башчысы болгон.
1988-жылы «Адабият» басмасынын фольклор жана поэзия бөлүмүндө бөлүм башчы болгон.
1963-жылдан чыгармалары басма-сөздөрдө жарыяланып турган. Биринчи ырлар жыйнагы 1975-жылы «Бир түп дарак» деген ат менен жарык көргөн. Акындын айрым ырлары орус тилинде жарыяланган.
1978-жылы Элге билим берүүнүн отличниги.
1986-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Бир түп дарак: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 64 б.

Жарык дүйнө: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1977. – 78 б.

Эрөөл талаа: Дастан. – Ф.: Мектеп, 1981. – 128 б.

Көрөңгө: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 136 б.

Жай саратан: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1987.

Ак тайлак: Поэма. – Ф.: Адабият, 1989. – 24 б.

Кан жол: Дастан. – Ф.: Адабият, 1991. – 272 б.

Эрөөл талаа. Кан жол: Дастан. – Б.: Акыл, 2004. – 328 б.