Көңүл буруу

Википедия дан

Көңүл буруу (орус. Внимание) – баамдын белгилүү объектиге же окуяга багытталышын туюндуруучу психологиялык абал.

Көңүл буруу ыктыярсыз, ыктыярдуу болуп бөлүнөт:

  • Ыктыярсыз көңүл бурууда ошол көңүл буруучу объект алдын ала атайын максат менен тандалбайт жана көңүлдө оңой эле, көпкө сакталат.
  • Ыктыярдуу көңүл буруу атайын коюлган максатка ылайык, аң сезимдүү жүргүзүлөт жана бир топ аракетти талап кылат. Ыктыярдуу көңүл буруу адамга гана мүнөздүү болуп, ар бир адамдын көз карашынын, ишениминин, билиминин өзгөчөлүгүнө, деңгээлине жараша ар кандай болот.

Көңүл буруу психологиялык турмуштун бардык жактарындай эле тарбия берүү жөнүндөгү окуу, ошондой эле ар бир адамдын билимин өнүктүрүүнүн үстүндө иштөө процессинде өнүктүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8