Лавров, Петр Лаврович

Wikipedia дан
Лавров Петр Лаврович

Лавров, Петр Лаврович (1823—1900) — көрүнүктүү орус философу, революциячыл народниктердин теоретиги. Псковдук помещиктин үй-бүлөсүндө туулган. 1842-жылы Петербург артиллериялык окуу жайын бүтүргөн.

Негизги эмгектери[оңдоо]

Негизги эмгектери төмөнкүлөр: «Гегелизм» (1858), «Гегелдин практикалык философиясы» (1859), «Антропология дегенибиз эмне?» (1860), «Практикалык философиянын (Инсан) маселелеринин очерктери» (1861), «Философиянын азыркы мааниси жөнүндө үч субхат» (1861). Өзүнүн философиясын Лавров «антропологиялык көз караш» катарында аныктайт.

Философиясынын антропологизми[оңдоо]

Лавров үчүн анын философиясынын антропологизми инсанды анын материалдык жана руханий башталыштарынын биримдиги катарында тааныгандыгында турат. Лавровду орус позитивисти катарында карашат. Чынында да ал Конттун, Спенсердин жана башкалардын позитивизминен көп нерселерди кабыл алган, ошол эле убакта ал позитивизмди өз бетинче талдап-түшүндүрүүгө умтулуп, анын турмуштун практикалык маселелерин чечүүдөн качканын сынга алат.

Пётр Лаврович Лавров

Лавров өзүнүн философиялык системасын түзүүгө аракеттенген, анын системасы үч бөлүктөн турат, алар: билимдеги философия (жаратылыш философиясы), чыгармачылыктагы философия (рух философиясы), турмуштагы философия (тарых философиясы). Билимдеги философия эмпирикалык чындыкка негизденет, ал айрым конкреттүү фактыларды өз өзүнчө топтоштурат, жаратылыштагы байланыштарды жана кайталануучулукту ачат.

Чыгармачылыктагы философия[оңдоо]

Чыгармачылыктагы философия чыгармачыл фантазия жана дүйнө түшүнүктөрүн образ түрүндө ишке ашыруу жаатында иш алып барат. Үчүнчү баскычты турмуштагы философия түзөт, бул практикага, ишке ашырыла турган жогорку адеп-ахлак идеалдарын иштеп чыгат. «Билимдеги философия,— деп жазат Лавров, — бардык маалыматтарды ырааттуу системага салуу, бардык нерселерди бир бүтүндүк катарында түшүнүү жана түшүнүктөгү биримдик болуп саналат. Чыгармачылыктагы философия дүйнө жана жашоо-турмуш түшүнүктөрүн чыгармачылык иш-аракеттерге алып кирүү, бардык нерселердин бирдиктүүлүгү жөнүндөгү түшүнүктү образга, сымбаттуу формага, ой менен форманын биримдигине айландыруу болуп саналат. Турмуштагы философия күндөлүк иш-аракеттердин маанисин аңдап-түшүнүү, бардык нерселердин бирдиктүүлүгү жөнүндөгү түшүнүктү биздин иш-аракеттерибизге киргизүү, бардык нерселердин бирдиктүүлүгү' жөнүндөгү аңдалып-баамдалган түшүнүктү практикалык идеалга, ой менен иш-аракеттин биримдигине айландыруу болуп саналат» [Философия жана социология. 1-т. 571-6].

Концепциясы[оңдоо]

Өзүнүн ушул концепциясы аркылуу Лавров таанымдын, чыгармачылыктын жана иш-аракеттин синтези болгон жаңы философияны түзүүгө умтулган. Мындай болгондо бул жаңы философия теория менен практикалык турмуштун ортосундагы байланыштыруучу звено катарында чыгар эле. «Тарыхый каттарында» Лавров тарых, професс, цивилизация, мамлекет, улут жана башка эң маанилүү түшүнүктөр жөнүндө өз көз караштарын баяндайт. Ал коом менен жаратылыштын ортосундагы принципиалдуу айырмачылыкты баса көрсөтөт. Лавров үчүн жаратылышта кайталануучу мүнөзгө ээ болгон кубулуштардын мыйзамченемдүүлүгү үстөмдүк кылат. Тарыхта, коомдо болсо өнүгүү жана прогресс бар, буларга тарыхчы гана баа бере алат, тарыхчы гана коомдогу өнүгүүнүн багытын аныктай алат. Лавров мындай деп жазат: «Аң-сезимдүү түрдөбү же аңдалбастанбы, адам адамзаттын бүткүл тарыхына өзү жетишкен адеп-ахлактык жол-жоболорду кошумчалайт... Бардык адамдар тарых жөнүндө, адеп-ахлактык идеалдарына карата болгон өз көз караштары боюнча субьективдүү түрдө баа беришет, мындан башкача баа да бере алышпайт» [Танд.чыгарм. 1-т. 190-6.].

Бир гана «тарыхчынын адеп-ахлактык идеалы тарыхка анын жалпы жана жеке учурларына перспектива берүүгө жөндөмдүү болгон бирден бир шам чырак».

Пётр Лаврович Лавров

Коом тууралуу[оңдоо]

Ошондуктан, Лавровдун пикирине ылайык, тарыхтагы прогресс коомдун турмушунда аң-сезимдүү, рационалдык фактордун өсүп өнүгүшүнө байланыштуу, бул болсо өз кезегинде, «инсандын дене бой, акыл-эс жана адеп-ахлактык жагынан өнүгүшүнө, акыйкат менен адилеттүүлүктүн коомдук формада ишке ашырылышына байланыштуу болот» [Ошонун өзүндө. 199-6.]. «Ой гана коомдук маданиятка адамдык нарк-насил бере ала турган бирден бир ишмер» [244-6.]. Бирок ой «инсанда гана» [245-6.] реалдуу болгондуктан, сынчыл ой жүгүртө билген инсандар тарыхтын башкы кыймылдаткыч күчү катарында чыгышат.

Сүргүндөн кийин[оңдоо]

Сүргүндөн Петербургка качып келип, андан соң чет өлкөгө кеткенден кийин Лавров «Вперед» журналын жана гезитин басып чыгара баштайт, анын беттеринде ал коомдук өнүгүүгө карата өз көз караштарын баяндайт. Ал орус революциячыл народниктик кыймылдын өзгөчө тибин калыптандырат, мунун негизги өзгөчөлүгү революцияны өтө кылдаттык менен даярдоо керек деген позицияны туткандыгында болгон. Ал народниктик кыймылдагы анархисттик да (Бакунин), ошондой эле заговорчулук да (Ткачев) багыттарга бирдей каршы чыккан. Ал революцияны шаштырбоо керек жана аны жасалма жол менен ишке ашырууга болбойт деп эсептеген. Революцияны жасалма жол менен ишке ашыруу, анын пикири боюнча, ар кандай коомдук силкинүүлөр дал эң кедей көпчүлүккө чоң оорчулук түшөрүн жана дал ушулар олуттуу курмандыктарга дуушар болорун билгендердин көз алдында «акталбай турган кырсык».
Ал революцияга заговорчулук мамиле жасоого каршы чыгып, «бир кыйла өнүккөн азчылыктын чакан тобу тарабынан иштелип чыккан идеялар элге таңууланышы мүмкүн, социалист-революционерлер ийгиликтүү толкуп чыгып, борбордук өкмөттү кулатып, анын ордуна отура алат жана мыйзамдарды чыгаруу жолу менен жаңы түзүлүштү түзүп, даяр эмес карапайым калкка жакшылык алып келе алышат» деген пикирди эскирди деп эсептеген. «Жаңы бийлик кандай жол менен келбесин, биз эски бийликтин жаңы бийлик тарабынан күч менен алмашылышын каалабайбыз. Орус коомунун келечектеги түзүлүшү... көпчүлүктүн өзүлөрү тарабынан аңдалып жана түшүнүлгөн керектөөлөрүн ишке ашырууга тийиш» [Ошонун өзүндө. 31-6.].
Лавров адамдардын революциячыл иш-аракеттеринин негизинде этикалык принциптер жатууга тийиш деген жобого таянат. Ал мындай деп жазат: «Максатка жетүү үчүн бардык каражаттар жакшы деп эсептеген адамдар өзүлөрүнүн эрежесин максаттын өзүн бүлүндүрө турган каражаттан башкасы жакшы деген өтө жөнөкөй жалпыга белгилүү жобо менен чектөөнү эч качан унутпоого тийиш»


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8