Лагерквист

Википедия дан

Лагерквист (Lagerkvist) Пер Фабиан (23. 5.1891, Векшё – 11. 7. 1974, Стокгольм ) – швед жазуучусу. Символист. Ырлары, автобиографиялык «Турмуштагы конок» (1925), антифашисттик «Желдет» (1933), «Эргежээл» (1944) повесттери, «Варавва» (1950), «Сивилла» (1956), «Агасфердин өлүмү» (1960) филос. романдары, экспрессионисттик романдары бар. «Коркунуч» (1916), «Жүрөк ырлары» (1926) жана башка ыр жыйнактарынын автору. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1951).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7