Лазердик курал

Википедия дан

Лазердик курал – адамдарды жабырлантууга жана аскер техникасын иштен чыгарууга арналган куралдын түрү. Лазердик курал тез арада аракетке келүүсү, нурунун ылдамдык менен таркашы, тактыгы жана көрүнбөгөндүгү менен мүнөздөлөт. Булут, туман, чаң, түтүн жана башка лазер нурунун күчүн кыйла начарлоого алып келет. Ал атмосферада 6 кмге (космосто бир нече миң кмге) чейинки аралыкка жете алат. 20–21-кылымда лазердик куралдын чегинде өлтүрбөөчү курал катары мерчемдүү дозадагы нурду жиберүү, адамдын көрүү органдарын начарлатуу жана оптикалык-электрондук каражаттарды керектен чыгаруу үчүн Лазердик куралдын тактикалык үлгүлөрү иштелип чыккан. Бирок эксперименттик үлгүлөр оор жана эби-сыны жок болгондуктан, ракеталарды, реактивдүү снаряддарды, космостук учуучу аппараттарды практика жүзүндө колдонуу татаал. АКШ, Россия, Япония, Израиль, Кытай жана башка мамлекеттерде лазердик куралды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7