Лазердик плазма

Википедия дан

Лазердик плазма – фокусталган кубаттуу лазердик нурлануунун аракети астында газды иондоштуруунун өнүгүшүнөн пайда болгон плазма. Температурасы ~2.104 К болгон лазердик плазма төмөнкү температуралуу плазма. Жыштыктын оптикалык диапазонуна таандык энергияны мейкиндик аркылуу берүүдө лазердик плазма кеңири колдонулат. Аны оптикалык разрядды чектөөгө жана туруктуу чоң жарык булагы катары пайдаланууга болот; туруктуу чектелген разряд аркылуу газды үйлөтүп, плазманын үзгүлтүксүз агымы алынат. Мындай түзүлүш кадимки жаалык жана жогорку жыштыктагы плазматрондордон артыкча айырмаланган оптикалык плазматрон болот. Кубаттуу лазердин фокусталган нурлары менен катуу бутаны же кысылган газды нурлантканда термоядролук реакциясы жүрүүчү жогорку температурадагы (~107 К) тыгыз плазма пайда болот. Мындай лазердик плазманы башкарылуучу термоядролук синтездин проблемаларын чечүүдө колдонууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7