Лазистан

Википедия дан
Лазстан‎»‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Лазистан
Желек
Желек
Өлкө Түркия, Грузия
Тарыхы жана Географиясы
Климатынын түрү Субтропиктик
Калкы
Расмий тили Лазыс тили
Сандык идентификаторлор

ЛазстанТүркиянын түндүк-чыгышындагы табигый аймак. Чыгыш Понт тоолорунун Кара деңизди караган түндүк капталын ээлейт. Бийиктиги 3931 мге чейин (Лазстан кырка тоосундагы Качкар чокусу). Капталдарында терең дарыя өрөөндөрү бар. Климаты субтропиктик, жаан-чачын жыл бою мол жаайт (2–3 миң мм). Жээк тилкесинде тамеки, жүзүм, жүгөрү, фундук, цитрус өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Кырка тоо этектерине эмен, ак чечек, бук, граб жана дайыма жашыл бадал аралаш токой, андан жогору карагай, көк карагай жана тоо шалбаасы мүнөздүү. Байыркы муз каптоо доорунда Лазстандын аймагын жылуучул өсүмдүктөр менен жаныбарлар байырлаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7