Лактар эли

Википедия дан

Лактар эли (өздөрүн лак, эскиче казикумухтар деп аташат) – Россия Федерациясындагы эл; Дагстандын жергиликтүү калкы. Тоолуу Дагстандын борбордук бөлүгүндө (Лак жана Кулин райондору), Түндүк Дагстанда (Новолак району), Ставрополь крайы, Кабарда-Балкария, Москвада, ошондой эле Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Азербайжанда да жашашат. Жалпы саны 200 миң киши, анын ичинде 139,7 миңи Дагстанда (2010). Лак жана орус тилинде сүйлөшөт. Дини боюнча мусулман-сунниттер. Лактар алгач Казикумух хандыгына (шамхалдык) баш ийип, 1820-ж. Россияга кошулган, 1860-ж. Дагстан облусунун Казикумух округунда хандык болуп түзүлгөн, 1922-жылдан Лак округу, 1928-жылдан кантон, 1929-жылдан Дагстан АССРинин курамындагы район, 1935-ж. Лак жана Кулин райондоруна бөлүнгөн. 1944-ж. лактар күч менен депортацияланган. Негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык, багбанчылык жана кол өнөрчүлүк. Тоолуу райондордо жүн (кездеме, кийиз, килем, таар жана башка токуу иштери), металл, жыгач, таш жана тери иштетүү кеңири өнүккөн. лактардын салттык социалдык уюмун айылдык жамаат түзүп, аксакалдар кеңеши башкарган. Бир тукумдан тараган үй-бүлөнүн патрилиниялык тобу сакталган. Лактар эки кабаттуу үйлөрдү куруп, чатырын темир же черепица менен жабышкан. Эркектер туника сымал көйнөк, ыштан, бешмант, черкеска (бели тар, жакасыз, узун тар чапан), аялдар көйнөк, кенен шым, тон жана булгаары өтүк, башына күмүш кооздуктар менен жасалгаланган жамынгыч оронушкан. Салттуу тамак-ашы – дан, эт, сүт азыктары, ошондой эле жашылча-жемиштер. Улуттук майрамдары – Жаңы жыл, Кош айдоо, Түшүм жыйноо жана башка.

1883

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7