Лантан

Википедия дан
Лантан.

Лантан (гр. Lantano – жашыруун, лат. lantanium, La) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IIIВ группа элементи. К.н. 57, ат. м. 138,905. Сейрек кездешүүчү жер элементтерине кирет. Жаратылышта Л. 2 изотобу бар: 139Lа (99,911%) жана радиоактивдүү 138Lа (0,089%), Т1/2 =2 ×1011.жыл. окистенүү даражасы +3. Л-дын жер кыртышында м. б-ча 1,78×10 % түзөт. Л. 1839-ж. К.Мосандер ачкан, ал эми таза металл түрүндө 1902-ж. О.Мутман алган. Л. - күмүш түстүү, ак металл. №58 -71 элементтер тобу лантаноиддер деп аталат. Өтө таза Л. ийилгич келип жеңил иштетилет. Хим. активдүүлүгү б-ча щелочтуу жер металлдарына жакын. Минералдык к-талар жана суу менен аракеттенип суутекти бөлүп чыгаруу менен сууда эрибеген гидрооксидди пайда кылат. Суутек, кычкылтек менен 200оС темп-рада галогендер, галогендүү суутектер, углеводороддор, бор жана күкүрт менен аракеттенип тиешелүү бирикмелер пайда кылат. Л. оксидди, фторидди, сульфидди сууда эрибей турган заттар. Нитрат, перхлорат, сульфат сууда жакшы эрийт, ал эми фосфатт, карбонат жана оксалат эрибейт. Оксалаты менен карбонаты 800о-900оС оксид пайда кылуу менен ажырайт. Л. алуу үчүн анын минералдары: монацит, бастнезит, лопарит, эвеснит, фергюсонит, гадолинит керектелет. Л. бөлүү методдору көбүнчө ал элементтер бирикмелеринин бири-биринен касиеттери б-ча бир аз айырмалангандыгына негизделген. Азыркы мезгилде экстракциялоо менен бөлүү кеңири колдонулат. Бул метод ион алмашуу хроматографиясы менен бирдикте бардык лантаноидди таза алууга мүмкүндүк берет. Л. болот, чоюн, магниттүү, алюминийлүү куймаларга бир аз кошулса алардын механикалык касиети, коррозияга туруктуулугу, ысыкка чыдамдуулугу жакшырат. Л. лазерде пайдаланылуучу кристаллдар курамына кирет, атомдук тех-да жылуулук нейтронун кармаш үчүн, нурдан сактанууда, реакторлор ишин жөнгө салууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]