Ларингит

Википедия дан

Ларингит — көмөкөйдүн чел кабыкчасынын сезгениши. Ларингит катуу кармаган жана өнөкөт болуп айырмаланат.

Катуу кармаган ларингит[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катуу кармаган ларингит көбүнчө жогорку дем алуу жолдорунун сезгенишинде, сасык тумоо, кызылча, көк жөтөл, скарлатина жана башкаларда пайда болот. Ага организмдин суукка урунушу, көбүнчө ооз аркылуу муздак аба менен дем алуу, суукта көпкө, катуу сүйлөө, кыйкыруу, ошондой эле ыр үйрөнүүдө үндү туура эмес пайдалануу, дүүлүктүргүч буу жана газдардын таасири, чаңдуу аба менен дем алуу, өтө муздак же ысык тамак, спирт ичимдиктерин ичүү, тамеки тартуу жана башкалар түрткү берет. Ларингитте тамак кычышат, ооз кургайт, жөтөлөт, адегенде кургак жөтөл болот, кийин какырык бөлүнүп чыгат. Үн кырылдайт. Кээ бир учурда шилекей жутканда тамак ооруйт. Баш ооруп, дене бир аз ысыйт. Оору 7—10 күндө айыга баштайт.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоо пайда кылган себебине жараша жүргүзүлөт. Оорулуу 5—7 күнгө чейин аз сүйлөп, ачуу, өткүр тамак жебей, спирт ичимдиктерин ичпей, тамеки тартпоо керек. Врач берген дарылар менен тамакты чайкап, ингаляция жасап, жылытуучу компресс коёт.[1]

Жалган круп[түзөтүү | булагын түзөтүү]

6—8 жашка чейинки балдарда ларингиттин өзгөчө түрү — жалган круп пайда болушу мүмкүн. Бул учурда тамак шишийт, анын белгилери кептөөргө (чыныгы круп) окшош болот (Круп). Мында коко шишип, бүтөлүп калат да, дем алуу кыйындайт. Бул оору экссудат диатези жана башкалар аллергиялык оорулар менен жабыркаган балдарда кездешет. Жалган круп сасык тумоодо, вирустук ооруларда, кызылчада, скарлатинада болуп, приступ түрүндө өтөт. Приступ күтүлбөгөн жерден, көбүнчө түнкүсүн уктап жатканда кармайт. Балдар ойгонуп, тынчсызданып, дем алуусу кыйындап, ээги, эриндери көгөрүп, жөтөлөт. Бир аздан кийин бала тынч алып, уктап калат. Оорунун пристубу ошол эле түнү же кийинки түнү кайталанышы мүмкүн. Кээ бир учурда жалган крупка үн жылчыгынын кысылышы коштолуп, өмүргө коркунуч туудурат. Бул учурда тезинен врач чакыруу же баланы ооруканага жеткирүү керек. Врач келгенге чейин приступту бир аз басаңдатса болот. Ал үчүн көкүрөктүн тушуна горчичник коюп, бутуна 5—7 мин. жылуу ванна жасап, таза аба, жылуу сүт, минералдуу суусун берүү керек.

Өнөкөт ларингит[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катуу кармаган ларингиттин кайталанышы, кызыл өңгөчтүн, мурун көңдөйлөрүнүн сезгениши, тамеки тартуу, спирт ичимдиктерин ичүү, үнгө ашыкча күч келтирүү өнөкөт ларингитке алып келет. Өнөкөт ларингитте оорулуунун үнү кырылдап, тамагы кычышып, жөтөлөт. Бул белгилер байкалары менен сөзсүз врачка кайрылуу керек. Сезгенүү процессинин мүнөзүнө жараша врач дарылайт.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ларингитти алдын алууда мурундун, анын коңулдарынын, кызыл өңгөчтүн ооруларын өз убагында дарылоо, тамеки чегүүнү токтотуп, ичимдик ичпөө керек. Ошондой эле денени чыңдоо, спорт менен машыгуу чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

  1. Өнөкөт ларингит белгилери жана дарылоо