Латын Америкалык интеграция ассоциациясы

Википедия дан

Латын Америкалык интеграция ассоциациясы – Латын Америкасындагы 12 өлкөнүн аймактык соода-экономикалык бирикмеси. Ага Аргентина, Боливия, Бразилия, Венесуэла, Колумбия, Куба, Мексика, Парагвай, Перу, Уругвай, Чили жана Эквадор мүчө. Латын америкалык эркин соода ассоциациясынын базасында түзүлгөн. Негизги максаты – латын америкалык жалпы рынокту түзүүгө укуктук принциптердин жана субрегиондук экономиялык интеграциянын процесстерин камсыздаган нормалардын негизинде шарт түзүү. Саясий органдары – тышкы иштер боюнча министрлер кеңеши жана өкүлдөр комитети. Ал эми техникалык органы болуп генералдык секретариат эсептелинет. Конференциясы үч жылда бир же зарыл учурда чакырылат. Уюмдун принциптери жана иш-чараларынын багыты Монтевидео келишими (1980) боюнча аныкталат. Штаб-квартирасы Монтевидео шаарында (Уругвай).в

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7