Латын союзу.
Латын союзу. Латын союзу- 30 жамааттан турган Лаций (азыркы Лацио, Италия) шаарларынын федерациясы. Латын союзун алгач (б.з.ч. 1-миӊ жылдык) Альба- Лонга, ал эми б.з.ч. 6- кылымдан Рим башкарган. Латын союзунун мүчөлөрүнүн майрамы бир болуп, союз чогулушу алардын жалпы маселеси менен талашын чечкен. Республиканын орноо убагында Римде саясый кырдаал татаалданып (б.з.ч. 6-кылымдын аягы-5-кылымдын башы), айрым жамааттар убактылуу Рим үстөмдүгүнөн бошонушса да, Рим башчылыгы менен согушта өз ара жардамдашууга, командачылыкка жана олжо бөлүштүрүүгө чогуу катышуу шарты менен б.з.ч. 493-жылы Латын союзу калыбына келген. Галл жапырыгы убагында (б.з.ч. 390 же 387) Латын союзу бузулган, бирок 358-жылы Римдин пайдасы үчүн кайра түзүлгөн да, экинчи Латын согушунан (б.з.ч. 340-338) кийин жоюлган.
[оңдоо] Колдонулган адабият
«Кыргыз Совет энциклопедиясы». 4-том, 14-бет. Фрунзе 1979-жыл.