Лаффер сызыгы

Википедия дан

Лаффер сызыгы – кирешеге салык ставкасы менен салык төлөмдөрүнүн өз ара катнашын чагылдырган сызык. Лаффер сызыгы салыктын өлкөнүн кирешесин максимумуна жеткирген оптималдуу деңгээлин сүрөттөйт. Бул деңгээлден жогору салык алуу өлкөнүн кирешесин азайтат. Анткени Лаффер сызыгынан жогорку салыктар өндүрүүчүлөргө продукция өндүрүүнү пайдасыз кылып, өндүрүштү токтоттурат. Мындан салык базасы жана суммасы аргасыз кескин түшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7