Лахути Абулкасим Ахмедзаде

Википедия дан

Лахути Абулкасим Ахмедзаде (4. 12. 1887, Батыш Иран, Керманшах – 16. 3. 1957, Москва) – тажик акыны. 1905–11-жылдардагы Ирандагы революциянын катышуучусу. 1922-жылдан СССРде жашаган. СССРге келген соң тажик поэзиясын түптөөгө катышкан. 1925–30-ж. Тажик ССР Эл агартуу комиссарынын орун басары, 1934-жылдан СССР жазуучулар союзунун секретары болгон. Чыгармалары 1907-жылдан жарыялана баштаган. Алгачкы ыр жыйнактары: «Жазгы баар», «Лахутинин берметтери» экөө тең 1921, фарси тилинде) «Кремль» (1923), «Жаратуучу тапка» (1933), «Таалай Мекени» (1935), «Танянын жеңиши» (1942), «Кыйышпастар» (1943) деген поэмалардын автору. Анын Фирдоусинин «Шахнамесинин» сюжети боюнча жазган «Кава уста» поэмасынын либреттосуна А. Баласанян опера койгон. Согуштан кийин Лахутинин тандамал ырлары үч жыйнак болуп басмадан чыккан. Ал А. С. Пушкин, В. В. Маяковский, У. Шекспир, Лопе де Вега жана башка акын-жазуучулардын чыгармаларын тажикчеге которгон. Чыгармачылыгында перс жана тажик адабиятынын салттарын нуска тутуп, поэзияга фольклордук негиздеги жаңы поэтикалык форма, өлчөм киргизген. Лахутинин чыгармалары СССР, Европа, Азия элдеринин тилдерине которулган. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7