Леднице

Википедия дан
Леднице
чех. Lednice
Туу
Туусу
Герб
герби
Өлкө

Чехия

RNDr. Libor Kabát

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1212

Аянты

31,27

Бийиктиктиги

173

Калкы
Расмий тили

чех тили

Калкынын саны

2328 (2005)

Жыштыгы

адам/км2

Этнохроним

ледницелик

Сандык идентификаторлор
Почта индекси

691 44

http://www.lednice.cz
Леднице өргөсү

Леднице (чехче - Lednice) — Чехиянын Түштүкморавия чөлкөмүндө жайгашкан Лихтенштейндин көптөгөн тарыхый имараттары бар айыл болуп саналат. 1996-жылы, жанындагы Валтице айылындагы короолору менен бирге, Дүйнөлүк мурас тизмегине Леднице-Валтице Маданий комплекси деген ысым менен кригизилген. Айыл тууралуу биринчи жазуулар 1212-жылга таандык. 2005-жылы өткөн эл каттоого таянсак Ледницеде 2328 адам жашайт.

Леднице биринчилерден болуп Лихтенштейн манаптар үйүнө өткөндүктөн (XIII кылымда өткөн) анын өнүгүү келечеги бул үй бүлө менен тыгыз байланышта болот. XVII кылымда Ледницада Лихтенштейн манаптарынын жайкы резиденциясы курулат. Өргөнү архитекторлор Фишер фон Эрлах, Иоганн Бернхард, Доменико Мартинелли, жана Антон Йоханом Оспел барокко стилинде курушкан.

1846 — 1858-жылдары өргөнү архитектор Георга Вингельмюллердин көз алдында Неоготика стилинде кайрадан курушкан. Өргөнүн жанында Джозеф Хардмуттун кээ бир курулуштары бар англиялык бакча жасашкан, мисалы орто кылымдагы өргөлөрдүн жасалмалары (1801), Дые дарыясы жана жалгыз турган 60 метр бийиктиктеги мусулман стилинде курулган мунара - мечит (17971804).

Фотогалерея[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]