Лектон теориясы

Википедия дан

Лектон теориясы стоицизмдин гносеологиясында өзгөчө орунду ээлейт жана бардык билимдер туюмдардан жаралат деп эсептөөчү сенсуалисттик теория болуп саналат. Туюмдар жана кабылдоолор эске тутулат да, элестөөнү пайда кылат. Бул элестөөлөр кайра иштелип чыгып, кайталана тургандары бөлүнүп көрүнөт да, ошентип түшүнүктөр калыптанат. Түшүнүк — бул предметтин «көчүрмөсү», предметтин жан дүйнөгө түшкөн изи. Стоиктер өзүлөрүнүн гносеологиясында «каталепсис» түшүнүгүн киргизишкен, бул бат түшүнүү, аңдоо деген маанини билдирет. Стоиктер тааным процессине субьектинин «макулдук» моментин киргизишет, бул тааным актысында катышып туруучу өзүнчө бир эрк актысы. Ошентип, стоиктердин оюна ылайык, тааным бар болуп турган предметти туюмдардын, кабылдоолордун пайда болушу түрүндө, бул предметтин жан дүйнөдө тартылган сүрөтү жана субьектинин макулдугунун пайда болушу түрүндө ишке ашат. Бүткүл ушул процессти «каталептикалык фантасия» деп аташат. Субьектинин макулдугу — бул логикалык аңдап билүү, бат түшүнө коюу дегендик, бул акыл-эстүү ишмерлик болуп саналат.

Түшүнүктөрдүн пайда болушунун бул айтылып өткөн процесси стоиктерде сезимдик кабылдоо жана акылдын аң-сезимдүү ишмердиги аркылуу ишке ашат. Бирок бул процесстен башка да стоиктер өзүнөн өзү келип пайда боло турган түшүнүктөрдү да таанышат. Буларды алар биринчи (калыптанган) түшүнүктөрдөн мурда жүрө турган алдын ала боолголонмо түшүнүктөр, биринчилердин антиципациялары деп аташкан. Буларга ар түрдүү жалпы эскерилүүчү түшүнүктөрдү, кадыресе аң-сезим түшүнүктөрүн таандык кылышкан. Ошол эле убакта стоиктер — өздөштүрүү үчүн билим жана тарбия талап кылына турган илимий түшүнүктөрдүн да бар экендигин таанышкан. Стоиктер эң жалпы илимий түшүнүктөрдү категориялар менен аташкан, алардын ичинен, стоиктер үчүн эң жогорку категория «маңыз» болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]