Ленин (Аламүдүн району)

Ленин, Аламүдүн району‎»‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Ленин
Район Кыргызстан
Координаттар 42°58′53″ с. ш. 74°40′18″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 8 278 адам (2007)
Сандык идентификаторлор
Ленин (Аламүдүн району) (Кыргызстан)

Ленин (кырг. Ленин) – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Ленин атындагы айыл аймагына караштуу. Аламүдүн суусунун жана Бишкек – Алматы автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 610 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыштагынан 15 км түндүк-батыш тарапта жана темир жол бекетинен 17 км. Кыштак 1907-ж. негизделген. Калкы 8 278 (2007); негизинен мал багып, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, китепкана, оорукана, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жана тамактануучу жайлар иштейт. Улуу Ата Мекендик Согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.


Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]