Ленин (Лейлек району)

Ленин, Лейлек району‎»‎ барагынан багытталды)
Айыл
Ленин
Район Кыргызстан
Облус Баткен облусу
Координаттар 40°06′05″ с. ш. 69°36′00″ в. д.HGЯO
Башчысы Турсункулов Исабай
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1954
Биринчи белгиленген 1938
Мурунку аталышы Ленин
Борборунун бийиктиги 580 м
Климатынын түрү Кышында абанын температурасы -20 С, жайкысын абанын температурасы +38 С
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Расмий тили Кыргыз
Калкы 3678[1] адам (2009)
Улуттук курамы 100% Кыргыздар
Диний курамы Мусулман
Сандык идентификаторлор
Ленин (Лейлек району) (Кыргызстан)

ЛенинКыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районундагы айыл. Кулунду айыл аймагына кирет.

Деңиз деңгээлинен 577 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору ― Раззаков шаарынан 45 км түндүк-чыгыш тарапта жана Туркестан кырка адыр-тоолорунун тундук тарабынан орун алган. Кыштак, Кыргыз ССР Коммунистик партиясынын Борбор комитенин биринчи катчысы Исхак Раззаков тарабынын 1938 жылы белгиленип, 1954 жылы негизделген. Калкы 3678 (2009), 866 кожолук жашайт. Раззаков айылынын экономикасынын негизги багыты дыйканчылык жана мал чарбалык. Орто мектеп, китепкана, 7клуб, медпункт бар. Кыштакта Кыргыз элинин улуу жетекчиси, мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Сталиндин кадры эсептелген Исхак Раззакович Раззаков туулган.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы ― 3678 киши (2009-жылы)[1]. 866 кожолук жашайт. Акыркы кошуна олко чыр чатактарына (29.04.2021) жана мамлекеттин коопсуздугуна байланыштуу айыл тургундарына таандык болгон билгилер жарыяланбайт. Ошондой эле айрым жаштар миграциялап чет олколордо иштеп, айылынын бакубат жашоосуна оз салымдарын кошуп келе жатат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.