Ливадия келишими

Википедия дан

Ливадия келишими (1879) – Иле аймагынын статусу тууралуу Орусия менен Кытайдын ортосундагы ратификацияланбай калган келишим. Ливадия келишимине 1879-ж. 20-сентябрда Крымдагы Ливадия шаарчасында орус өкмөтүнүн тышкы иштер министри Н. К. Гирс менен Цинь өкмөтүнүн элчиси Чун Хоу кол койгон. Ал боюнча жалпы аянты 1302,36 чарчы миль келген Иле аймагын (390,7 чарчы миль аянтты камтыган Текес суусунун батышы менен Музарт ашуусунан тышкары) кайрадан Цинь империясынын кол алдына өткөрүп берүү макулдашылып, орус-кытай чек арасы Хоргос өзөнү, Ак-Бурташ тоосу аркылуу чектелген. Иртыш дарыясынын башы, Кашкар жана мурунку Кокон хандыгынын ортосундагы чек ара линиялары (азыркы Кыргызстандын аймагы) такталып, Россия Кулжа менен Чугучактан (Чөйчөк) тышкары Кашкар, Урга, Цзя Юй-гуань (Сучжоу), Кобдо, Улясутай, Хами (Комул), Турпан, Үрүмчү жана Гучан шаарында консулдук ачууга укук алган. Ошондой эле кеткен чыгымдар үчүн Цинь өкмөтү Россияга 5 млн сом төлөп берүүгө макул болгон. Атайын комиссия түзүлүп, чечим чыккандан кийин эки ай убакыт аралыгында Иле аймагын Кытайга толук өткөрүп берүү каралган. Бирок Цинь императору Ливадия келишимине канааттанбагандыктан, Чун Хоуну өлүм жазасына тартууга буйрук берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7