Лимб

Википедия дан

Лимб (Limb) – айлананы барабар бөлүктөргө бөлүнүүчү универсалдуу аспаптын каптал жагына штрихтер түшүрүлгөн жалпак тегерек шакек.

Бурч өлчөөчү аспаптарда бурчту эсептөө үчүн колдонулат. Штрихтерге градустар жазылып, 2, 3, 6 же 12 бөлүккө бөлүнөт. Лимбдин бөлүнгөн бөлүктөрүн эсептөөдө верньер же нониус пайдаланылат. Айлананын бөлүктөрү өтө майда болгондуктан бардык эсептөөлөр чоңойтуп көрсөткүч айнек, кээде микроскоп аркылуу аткарылат. Эгерде лимбдин борбору айлануу огунун борбору менен дал келбесе, анда бир верньер бонча жүргүзүлгөн эсептөөдөн ката кетет.
Эсептөөдөгү бул ката эксцентриситет катасы деп аталат. Ошондуктан бардык универсалдуу бурч өлчөөчү аспаптардын ар бир Лимбасынын экиден верньери болот. Күн, Ай, планеталардын жана айрым жандоочулардын гана дискаларына телескоп аркылуу байкоо жүргүзүүдө көрүнгөн чети да лимб деп аталат. Күндүн бетиндеги жарк этүүлөр, протуберанецтер лимбден жакшы көрүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов