Лимит

Википедия дан

Лимит (лат. limes – чек ара, чек) – сатууга, сатып алууга, кредитке, келишим көлөмүнө, товардын өлкөгө киришине жана чыгышына, кен байлыктарды казууга, табигый ресурстарды колдонууга жана башка иш-чараларга коюлган чектөө; кандайдыр бир коопсуздукту жаратуучу формаларды башкаруу каражаты. Лимит уюмдардын айрым чыгашалуу иш-чараларына сандык эсептөөнүн негизинде коюлган чектөө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7