Лимонит

Википедия дан
Лимонит.

Лимонит (гр. leimon – нымдуу шалбаа, саздак жер) – үч валенттүү темир кычкылынын аралашмасынан (гетит, гидрогетит, гидрогематит, лепидокрокат) турган минерал. Кристаллдуу же аморфтуу түзүлүшкө ээ. Хим. формуласы FeO(OH)n*H2O. Мында Fe2O3 89,9%ке жетет. Ромб системасында кристаллданат. Өңү-түсү кара күрөң, күрөң, саргыч күрөң, саргыч. Катуулугу 1–5,5. С. салмагы 2,72–4,3. Экзогендик шартта пириттин, курамында темир элементи бар сульфиддер менен силикаттардын ажырашынан пайда болот. Жаратылышта кычкылдануу зонасында («темир калпакчада»), латерит же саз кени түрүндө кездешет. Темир өндүрүлөт, боёк жасалат.n 22 3

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7