Лимфа

Wikipedia дан
Лимфа системасы

Лимфа (латын тилинен lympha — таза суу, ным) — кан плазмасынан чыпкалануу менен пайда болуп, ткандар арасына жана андан лимфа системасына өтүүчү түссүз суюктук. Организмдин ткандары менен кандын ортосундагы зат алмашууну камсыз кылат. Химиялык составы боюнча кан плазмасына, ткань суюктугуна жана жүлүн суюктугуна өтө окшош. Анда бир аз белок, глюкоза, май, минерал заттар, лимфоциттер, моноциттер жана башкалар болот. Көпчүлүк учурда лимфанын составы лимфа агып чыгуучу органдардын абалына байланыштуу. Ошондой эле лимфа тамырлары аркылуу агып жылган сайын анын составы утуру өзгөрүлөт. Мисалы, майлуу тамак жегенде ичеги лимфа тамырларындагы лимфада май көп болот; ички секреция бездеринен чыккан лимфада гормондор, боордон агып чыккан лимфада белок, углевод арбын. Ал эми лимфа түйүндөрүндө лимфоциттер көбөйөт. Киши организминдеги жалпы лимфанын өлчөмү 1 — 2 л. Лимфанын химиялык составынын өзгөрүшү кан плазмасынын химиялык составынын өзгөрүшүнө жана ткандагы зат алмашуу процессине туздөн түз байланыштуу.

Функциясы[оңдоо]

Лимфанын функциясы- белокторду, сууну, туздарды, ууларды жана метаболиттерди ткандан канга кайтаруусу. Кишинин организминде 1-2 литр лимфа бар. Лимфа системасы иммунитет түзүүгө, оору козгоочу микробдорго каршы жардам берет. Лимфа сосуддарынан суусуздандырууда жана жалпы иммунитеттин түшүшүндө мителер, жөнөкөй бактериялар, вирустар, грибоктор көбөйүшү мүмкүн.

Лимфа тамырлары[оңдоо]

Лимфа тамырлары — организмдин орган менен тканынан вена системасына лимфа агуучу тамырлар. Ал ар бир органдын ичинде лимфа капиллярларынын кошулушунан пайда болот. Лимфа тамырлары лимфа капиллярынан өзүнүн капталынын түзүлүшү (ички, ортоңку жана сырткы), ошондой эле ичиндеги клапандары менен айырмаланат. Майда лимфа тамырларында булчуң элементтери жок. Мындай лимфа тамырлары негизинен органдардын ичинде жайгашат. Орто жана жоон лимфа тамырларынын капталы жакшы өсүп жетилет. Ал эми тамырдын ичинде көп сандаган түгөйлүү клапандар болот. Алар лимфа тамырларындагы лимфа суюктугун бир багытка, жүрөккө карай гана агызат. Кишинин денесиндеги Лимфа тамырлары тери алдындагы, булчуң арасындагы тамырларга бөлүнөт. Алар бири-бири менен кошулуп түрдүү чатышманы түзөт.

Лимфа түйүндөрү[оңдоо]

Лимфа түйүндөрү — тоголок, сүйрү, жарым ай, чатышкан түйүн жана буурчак сымал келген ар түрдүү чоңдуктагы (1 — 22 мм), кызгылт-күрөң түстөгү түзүлүш. Лимфа түйүндөрү денедеги кан элементтерин бөлүп чыгарат жана ар кандай ооруларга каршы иммунитетти пайда кылат. Лимфа түйүндөрү булчуң арасында жайгашкан лимфа тамырларын бойлой орун алып, негизинен дененин ар кайсы бөлүктөрүнөн лимфа суюктугун чогултат. Лимфа түйүндөрүнүн кабырылган жагына — «дарбазасына» артерия жана нервдер кирет да, вена жана лимфа тамырлары чыгат. Ал эми лимфа суюктугун алып келүүчү тамырлар түйүндүн төмпөгөй жагына куят. Лимфа түйүндөрү сыртынан туташтырма ткандан турган кабык менен капталган. Бул кабыктан Лимфа түйүндөрүнүн ичин карай туташтырма ткандан турган тосмолор (керегелер) кетет. Ушул керегелердин ортосунда лимфа тканы жайгашкан. Ткандын сырт жагы кызгылт-сары келип, диаметри 0,5—1 мм болгон тоголок лимфа ткандарынан турат. Бул ткандардын ичинде ар тарапка кеткен жипчелер бар. Ошол жипчелер түзгөн торчолордун арасында лимфоцит жана лимфобласт деп аталган канга кошулуучу элементтер жайгашат. Лимфа түйүндөрүнүн коңулунда лимфа суюктугу андагы лимфоциттер жана лимфа тамырлары аркылуу андан ары агат.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8