Липид

Википедия дан
Липиддер‎»‎ барагынан багытталды)
Липиддер

Липиддер (грек тилинен λίπος, lípos — май) — бардык тирүү клетканын составына кирип, тиричиликте маанилүү роль ойногон май сыяктуу заттар. Липиддер биологиялык мембрананын составына кирип, клеткалардын өткөргүчтүгүнө жана көп ферменттердин активдүүлүгүнө таасир этет, нерв импульстарын өткөрүүгө, булчуңдардын жыйрылуусуна, клетка аралык байланыштарды түзүүгө, иммунохимиялык процесстерге катышат. Ошондой эле липиддер организмде энергия топтоп жылуулукту сактоо, ички органдарды жана ткандарды сырткы механикалык таасирлерден коргоо кызматын аткарат. Алар сууда эрибейт, органикалык эриткичтерде ээрийт. Адамдын жана жаныбарлардын организми бардык негизги липиддерди синтездөөгө жөндөмдүү, ошондой эле аларды тамак аркылуу алышат. Липиддер негизинен боордо жана ичке ичегинин бетинде синтезделет. Кандагы липиддер, май, белок жана башкалар татаал бирикмелердин составында болуп, кан аркылуу органдарга жана ткандарга барат. Клеткаларда көпчүлүк белоктор менен комплекс — липопросоид түрүндө учурайт. Организмде липиддер липаза ферментинин таасири менен ажырайт.

Майлуу кислоталардын мисалдары: миристиндик (каныккан майлуу кислота)жана миристолеиндик (моно-каныккан эмес кислота) 14 көмүртек атомдору бар.

Липиддер классификациясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Липиддерди классификациялоо абдан проблемалуу жана талаш маселе. Төмөнкү классификация кеңири тарагaны менен жалгыз эмес. Ал структуралык жана биосинтетикалык өзгөчөлүктөрүнө негизделген.

Жөнөкөй липиддер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Майлуу кислоталар
  • Майлуу альдегиддер
  • Майлуу спирттер
  • Узундугу алифатиялык чынжыр менен болгон углеводороддордун чеги

Татаал липиддер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Полярдык
  • Фосфолипиддер
  • Гликолипиддер
  • Фосфогликолипиддер
  • Сфинголипиддер
  • Мышьяклипиддер
  • Нейтралдуулар
  • Ацилглицериддер
  • Триглицериддер (Майлар)
  • Диглицериддер
  • Моноглицериддер
  • Церамиддер
  • Стерин эфирлери
  • N-ацетилэтаноламиддер

Оксилипиды[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Липоксигеназдык жолдун оксилипиди
  • Циклооксигеназдык жолдун оксилипиди

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8