Ли Лин

Википедия дан

Ли Лин (туулган жылы белгисиз – биздин заманга чейин 74) – Хан династиясынын (биздин заманга чейин 206 – биздин замандын 205) аскер башчысы; биздин заманга чейин 99-жылдан кийин хунн урууларын бийлөөчүлөрдүн бири. Биздин заманга чейин 99-ж. Алтай тоосундагы салгылашууда 30 миң атчан аскери менен хунндардын курчоосунда калып, өзү колго түшкөн. Хунндардын шанүйү ага кызын берип, башкы кеңешчи (жуку-князь – 右校王) кылып дайындаган. Кытай тарыхый даректеринде Ли Линдин «биротоло хунндардын ичинде калганы жана Кыргыз (Хягас) өлкөсүн каратканы, анын тукуму бул өлкөнү Чыңгыз ханга чейин бийлегени» маалымдалат. Император Ву-Цзун (840–46) 840-ж. уйгур мамлекетин талкалаган кыргыз каганын Ли Линдин тукуму деп тааныган. Император Сюань-Цзун (846–47) кыргыз каганынын ысмын өзүнүн генеалдык тукумуна теңештирүүнү ойлогон. 860-ж. жазылган Дуань Чэншинин тарыхында (Юян Цз ацз у) кыргыздар (цзянькунь) «чачы ак саргыл, көздөрү көк, сакалмуруту сары» болсо, Ли Линден кийин же кытай жоокердин тукумунан тарагандар «сакал-муруту кара» болуп калганы тууралуу айтылган. Кээ бир изилдөөчүлөр (П. П. Азбелев) Ли Линдин тушунда Кыргыз өлкөсү Түркстанда (Чыгыш) жайгашканын белгилейт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7