Ли алгебрасы

Википедия дан

Ли алгебрасы – каалагандай x, y, z элементтери үчүн 1) (xy)=0 (мындан көбөйтүү амалы антикоммутативдик экендиги келип чыгат) (xy)=–(yx); 2) x(yz)+y(zx)+z(xy)=0 (Якоби теңдештиги, 0 – нөлдүк элемент) шартын канааттандыруучу алгебра. Ли алгебрасы математикада 19-кылымдын аягында Ли группасын окуп-үйрөнүүгө байланыштуу, ал эми механикада айкын эмес формада андан мурдараак пайда болгон. «Ли алгебрасы» терминин 1934-ж. немис математиги Г. Вейль киргизген. Убакыт өтүү менен Ли алгебрасынын Ли группасындагы, ошондой эле классикалык жана кванттык механикадагы мааниси өстү. Азыр Ли алгебрасы теориялык группа маселелерин сызыкташтырууда пайдалуу гана эмес кубаттуу каражат катары сызыктуу алгебранын маселелеринин булагы катары кабыл алынууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7