Логикалык эмпиризм

Википедия дан

Логикалык эмпиризм – аналитикалык философиянын варианттарынын бири, Логикалык позитивизмдин түздөн түз уландысы болуп эсептелет. «Илимдин эмпирикалык тили» катары Логикалык эмпиризм субьекттин жеке толгонууларынын тилин эмес, сезим менен кабылдануучу физикалык кубулуштарды туюнтуучу нерселик тил деп аталуучу тилди сунуш кылган. Ошондой болсо да нерселик тилди кабыл алуу Логикалык эмпиризм үчүн буюмдар дүйнөсүнүн обьективдүү болушу жөнүндө теориялык ырастоону таануу менен байланышкан эмес. Логикалык эмпиризм обьективдүү реалдуулукту чагылдырууну эмес, сезим менен кабыл алынган маалыматтарды уюштуруунун «ыңгайлуу» жана «максаттуу» формаларын гана көргөн

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]