Светлана Луговая

Википедия дан
Луговая Светлана Александровна‎»‎ барагынан багытталды)

Луговая, Светлана Александровна - акын, котормочу. Кыргыз ССРинин Ош шаарында 1941-жылы 16-ноябрда туулган. 1963-жылы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын, 1969-жылы КМУнун чет тилдер факултьтетин бүтүргөн.

1963-жылдан «Кыргызгипро» институтунда эсепчи, Кыргыз ССР Министрлер Советинде архив кызматкери, 1969-жылдан Фрунзе шаарындагы №53 жана №37 орто мектептеринде сабак берип, 1977-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун көркөм адабияттарды пропагандалоо бюросунда иштеген.

С.Луговая ыр жазууну мектепте окуп жүргөндө баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы «Осенний мой апрель» деген ат менен 1982-жылы жарык көргөн. Анын ырлары ар түрдүү альманахтарда басылып келет. Үч поэтикалык жыйнактардын автору.

1987-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Перевал. Молодая поэзия Киргизстана /Сост. А.Джакшылыков и Б.Сарыгулов/ – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 168 с. (Р.Горбачева, А.Зайцев, С.Луговая и др.)

Осенний мой апрель: Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 48 с.

Замки на песке: Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 44 с.

Опустевшая карусель: Стихи. – Ф.: Адабият, 1989. – 71с.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Агата Кристи. Спящее убийство. – Б.: Венда, 1991. – 205 с.(пер. с англ.).

Джон Болл. Ночь перед рассветом. Зарубежный детектив. – М.: Венда, 1992. – 250 с. (пер. с англ.).

Мэриан Бэбсон. Убийство на выставке кошек. – М.: Венда, 1993. – 267 с. (пер. с англ.).

Агата Кристи. После похорон. – Б.: Венда, 1996. – 174 с. (пер. с англ.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]