Луис Эмилио Рекабаррен

Википедия дан

Рекабаррен Луис Эмилио (6. 7. 1876-19. 12. 1924) - Чили ж. б. Латын Америка өлкөлөрүнүн жумушчу кыймылынын ишмери.

Басмаканада жумушчу кезинде басма сөздө иштегендердин бир катар иш таштоолорун башкарган. Чилиде күн сайын чыгуучу марксчыл газеталарды түзүүгө демилгечи болгон. Рекабаррен жумушчу жана профсоюздук ийримдер уюштуруп, марксизм-ленинизмди пропагандала- ган. Рекабаррен,-Чили Социалисттик жумушчу партиясын (1912-ж. түзүлүп, 1922-жылдан компартия аталган) негиздөөчүлөрдөн жана анын жетекчилеринен. Эмиградияда журуп, Аргентина Компартиясын тузуугө катышып, анын биринчи ген. секретари болгон. 1922-ж. ноябрь - 1923-ж. февралда Советтик Союзунда болгон. Чилиге кайтып барып, «Жумушчу Россия» деген китеп жазган. Рекабаррен - Чилинин жумушчу жана социалисттик кыймылы боюнча бир катар китепчелердин автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.