Лу Синь

Википедия дан
Лу Синь (1930).

Лу Синь (өз аты-жөнү – Чжоу Шужень; 25. 9. 1881, Шаосин – 19. 10. 1936, Шанхай) – кытай жазуучусу, публицист жана адабиятчы, азыркы кытай адабиятын баштоочу. 1930–36-ж. Солчул кытай жазуучуларынын лигасын башкарган. Нанкинь тоо-темир жол окуу жайын бүткөн (1902). Чыгармалары 1913-жылдан жарыялана баштаган. Лу Синьдин 1918-ж. жазылган «Жиндинин күндөлүгү» (1918) аттуу аңгемеси менен жаңы кытай адабияты башталат. «Чакырык» (1923), «Адашуу» (1926), «Арам чөптөр» (1927), «Кайрылбас махабатым», «Ысык шамал» (1925), «Жасалгалуу жапкычтын астында» (1926), «Жалган эркиндик тууралуу китеп» (1933) жана башка жыйнактардын автору. Лу Синь марксчыл эстетиканы пропагандалоого, дүйнөлүк прогрессчил, асыресе орус жана совет адабиятын таратууга чоң салым кошкон. «Кытай баяндама прозасынын кыска тарыхы» (1923) эмгеги – улуттук адабияттын демократиялык теги жөнүндөгү туңгуч саамалык. Лу Синьдин эмгектери дүйнөнүн бир нече тилине которулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7