Любомудры

Википедия дан
В. Ф. Одоевский,Любомудры коомунун төрөгасы.

Любомудры1823–25-жылдары Москвада иштеген «Любомудрие коому». Бул жашырын философиялык ийримге: В.Ф. Одоевский (төрага) Д. В. Веневитинов, И. В. Киреевский, Н. М. Рожалин, А. И. Кошелев жана башка кирген. Ийрим философия, эстетика жана адабият маселелери менен иш жүргүзгөн. Мүчөлөрүнүн саясий көз караштары бирдей эмес болуп, ийрим немецтик идеализмге, негизинен Шеллинг философиясына негизделген, башка материализмдерди жана классицизмдин эстетикасын сынга алышкан. Ийримдин орус философиясы үчүн мааниси натурфилософияда, гносеологияда, эстетикада, коомдук теорияда идеалисттик диалектиканын идеяларын өнүктүргөндүгү жана пропагандалагандыгы менен аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8