Маалымат технологиясы

Википедия дан
Маалыматтар техноложиси‎»‎ барагынан багытталды)

Маалымат технологиясы (Information technology), компьютер технологиясы – информатиканын бөлүмү; ар кандай маалыматты иштеп чыгууда пайдаланылуучу компьютердик жана телекоммуникациялык технологиялар. Анда башкаруу чечимдерин даярдоо жана кабыл алууга байланышкан маалыматты өндүрүүнүн технологиялык процесстерин кароо кабыл алынган. Маалымат технологиясы компьютердин түзүлүшү, программалык жабдык, иштетүү системалары, программалоо, берилиштер базасы ж. б. сыяктуу фундаменталдык бөлүктөрдөн турат. Маалымат технологиясы маалыматтарды жыйноо, жиберүү, сактоо жана иштетүү процесстерин камтыйт. Азыркы учурда маалымат технологиясы өз алдынча илимий багыт катары калыптанууда, анын изилдөө багытын маалымат процесстерин рационалдуу уюштурган жолдор, ал эми предметин болсо, маалымат технологиясы түзгөн ыкмалар (методдор) жана теориялык негиздер түзүүгө тийиш. Компьютерге берилишти киргизүү, аны иштетүү, алынган маалыматты чыгаруу жана сактоо атайын жабдуулар (түзүлүштөр) аркылуу аткарылат. Бул жабдууларга берилишти киргизгич жана маалыматты чыгаргыч түзүлүш, системалык блок, сактагыч түзүлүш жана байланыш түзүлүштөрү кирет. Маалымат технологиясы компьютерде текст түзүү системасында берилиш базасын пайдаланууда жана компьютер тармагы аркылуу кабар берүүдө, ал эми телевизиондук станциялар көрүүчүлөрдү телетекст менен камсыз кылууда ж. б. пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]