Магний

Википедия дан
Магний.

Магний (лат. Magnesium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IIА группа элементи. К.н. 12. Ат. м. 24,312. Жаратылышта М-дин туруктуу 3 изотобу белгилүү: 24Mg,(78,6%), 25Mg,(10,11%), 26Mg(11,29%). Жасалма М-дин 3 радиоактивдүү изотобу бар. 1808-ж. Деви магнезий анализдөө үчүн аны жогорку темп-рада эритип электролиздөөдөн жаңы элемент алган, аны М. деп атаган. Алынган металл таза эмес болгон. Таза М. 1829-ж. алынган. М. – ак, күмүш түстүү, өтө жеңил металл, эрүү темп-расы 6510С; кайноо темп-расы 11070С, тазалыгы 99,9 %, тыгызд. 1,739 г/см3. М. жер кыртышынын массасы б-ча 2,10 % түзүп, көптүгү жагынан элементтер арасында 6-орунда турат. М. 200 жакын минералдар курамында кездешет. Өндүрүштө М. 3 минерал: магнезит, доломит жана карналиттен алат. М. деңиз сууларында туз түрүндө кездешет. Мис., ар бир кубометр деңиз суусунда 4 кг магний болсо, жер шарындагы сууда орто эсеп менен 6×1016 т болот. М. өсүмдүктөр хлорофиллинин курамында болуп, өсүмдүк өсүшү үчүн керек татаал орг. заттар (крахмал, кант ж.б.) фотосинтездөөгө катышат. Ошондуктан М. болбосо хлорофилл, хлорофилл болбосо жашоо болбойт. Хлорофилл курамында М. саны 2 % жетет. Эгерде жер шарындагы өсүмдүк курамындагы магнийди эсептесек анын массасы 100 млрд. т болот. М. жаныбарлар бардыгында бар. Эгерде кишинин массасы 60 кг болсо анын 25 г М. болуп саналат. М. алуунун эки ыкмасы бар: Кургатылган MgCl2 же карналлитке аз өлчөмдө натрий, калий, кальций туздарын кошуп 720-7500С эритип электролиздөө (электролиттик). Экинчиси доломитти же MgO көмүр, кремний, алюминий жардамы менен калыбына келтирүү (металлотермиялык).

1) MgO + C t ® Mg + CO; 2) 2MgO + CaO + Si ® CaSiO3 + 2Mg. Алынган металл таза болбогондуктан аны 2-3 жолу вакуумда сублимациялоодо тазалыгы 99,999 % жетет. Бирикмелерде М. дайыма II валенттүү, өтө активдүү, абада тез окистенгендиктен, металлды андан ары сактоочу жука кабыкча MgО менен капталат. Бул кабыкча 3500С чейин гана туруктуу. Темп-ра 600-6500С жеткенде магний күйүп, М. оксидин (MgO), азот менен нитридин (Mg3N2) пайда кылат. М. суутек, галогендер же күкүрт, SO2, N2S менен ысытууда гидрид, галогенид жана сульфид пайда кылат. М. башка элементтер менен болгон бирикмелери да бар. М: Mg2Si, Mg2Si2, Mg3P2, Mg3As2, Mg2Sb3. Буларга к-талар эритмелери менен таасир эткенде газ түрүндөгү уулуу заттар бөлүнүп чыгат (силан, фосфин, арсин жана стибин). Концент. күкүрт к-тасында же анын азот к-тасы менен болгон аралашмасында, о. эле щелочтор эритмесинде эрибейт. Бирок аммоний же NaHCO3 суудагы эритмесинде жакшы эрип комплекстүү катиондору [Mg(NH 4)2]+2 пайда кылат. М. туздары түссүз келип, сууда эрибегендери да болот. Мис., MgF2, MgCO3, Mg3(PO4)2 ж.б. Сууда эрүүчү туздарына щелочторду таасир этүүдөн М. гидроксиди чөкмө түрүндө алынат. М. Al, Zn, Mn ж.б. куймалары жеңилдиги, бекемдиги, коррозияга туруктуулугу менен маанилүү. М. оор машина жана самолёт куруу ө. ж-да, медицинада колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]