Магний карбонаты

Википедия дан

Магний карбонаты, MgCO3 – түссүз кристалл, 990оС балкып эрийт. Тыгызд. 3,037 г/см3. 350оС » 0,5 мг/л. Темп-ранын жогорулашы менен сууда эригичтиги төмөндөйт. Жаратылышта магнезит минералы түрүндө кездешет. MgСO3·Н2О системасында беш, үч моногидраты кристаллдашат. М. к суу суспензиясын СО2 менен каныктырганда М. к. эрип, эритмеде гана болуучу гидрокарбонаты Mg(HCO3)2 пайда болот. MgCO3 щелочтуу жана щелочтуу жер металлдары карбонаттары менен өз ара аракеттенишип, начар эрий турган кош туздарды пайда кылат, мис., К2Mg(CO3)2·4Н2О. Булардын ичинен MgCa(CO3)2 –доломит минералынын мааниси өтө чоң. Магнезит жана доломит техникалык жалпы аты «магнезия» деп аталып, ар түрдүү материалды алууда, отко чыдамдуу материалды даярдоодо жана цемент ө. ж-нда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]