Маймулов Сулайман

Википедия дан

Маймулов Сулайман (1932–2008) - акын.

Сулайман Маймулов Кемин районундагы Уч-Урук айылында 1932-жылы 8-мартта туулган.
1953-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
1954-жылдан «Жаш Ленинчи» журналында алгач адабий кызматкер, бөлүм башчы,
1955–1956-жж. ВЛКСМдин Борбордук Комитетинин Москвадагы комсомолдук мектебиде окуган.
1957–1958-жж. «Ленинчил жаш» гезитинин адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы,
1962-жылы Кыргызстан Мамлекеттик Басмасынын адабият жана искусство бөлүмүн жетектейт.
1962-жылдан «Кыргызстан» басмасында улук редактор, көркөм адабият бөлүмүнүн башчысы.
Узак жылдар бою «Кыргызстан маданияты» гезитинде кабарчы, бөлүм башчы болуп иштеген.

С.Маймуловдун чыгармалары 1950-жылдан баштап жарыяланып,
1955-жылы биринчи ырлар жыйнагы «Бөбөктөргө» деген ат менен чыккан.
Анын чыгармалары союздук масштабдагы бардык республикалардын тилдеринде жана немис, болгар тилинде да жарыяланган. Акындын калемине Пушкиндин, Лермонтовдун, Шекспирдин, Саадинин, Хафиздин, Омар Хайямдын, Абайдын, Шевченконун, Есениндин, Маршактын, Гамзатовдун, Кулиевдин, Муса Жалилдин, С.Нерустун, Винокуровдун, Абдилде Тажибаевдин ж.б. көп акындардын котормолору таандык.
Көптөгөн жамааттык котормо басылмаларынын катышуучусу.
Ал Кыргызстан комсомолунун, Бүткүл союздук Ленин комсомолунун жана Кыргызстан Басма, полиграфия комитетинин Грамота, Ардак грамота, дипломдору менен бир нече жолу сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун грамотасы менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
1958-жылдан СССР Журналисттер, 1963-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Бөбөктөргө: – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1955. – 36 б.

Менин үй-бүлөм: Ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. – 88 б.

Мөмө: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 31 б.

Айылдык балдар: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 76 б.

Абаз: Ырлар жана поэма. – Кыргызмамбас, 1963. – 127 б.

Мен жана менин карындашым: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1964. – 31 б.

Айнур: Аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Мектеп, 1966. – 32 б.

Розалар гүл ачты: – Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 149 б.

Көл ыргактары: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 126 б.

Бойтогой: – Ф.: Мектеп, 1970. – 14 б.

Алмончок: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 112 б.

Балалык: Поэмалар, котормолор. – Ф.: Мектеп, 1972. – 54 б.

Адамдын жүзү: Ырлар, дастандар. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 111 б.

Айыл мейкини: Ырлар жана дастан. – Ф.: Мектеп, 1978. – 76 б.

Куттуу ата конуш: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 110 б.

Перзент: Ырлар. – Мектеп, 1981. – 76 б.

Менин досторум: Ырлар. – Мектеп, 1984. – 16 б.

Көңүлдүү балдар: Аңгемелер, уламыштар. – Ф.: Адабият,1989. – 32 б.

Тянь-Шандын кызы: Повесть. Өзүмдүк басмакана.

Өзүңө айткан сыр: Ырлар.- Б.: Учкун, 2008. – 142 б.

Орус тилинде

Ключ сердца. – Ф.: Кыргызстан 1965. (коллектив).

Ты в моем сердце: Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 144 б.

Полдень: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1974. – 46 б.

Иссык-Кульская симфония: Стихи. – М.: Сов. писатель. 1982. – 63 б.

Сердце поет: Стихотворения. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 91 б.

Цветы счастья: Стихи. – Ф.: Кыргызстан. 1985. – 95 б.

Башка элдердин тилдеринде

Весенний ветер. – Киев: Радяньскый пысьмэннык, 1971. – 142 с. – укр.

Таубтеке: Стихи и поэма. – Алма-Ата: Жазушы, 1973. – 35 с. - каз.

Ауен. – Алма-Aтa: Жалын, 1981. – каз.