Май алмашуу жана анын бузулушу

Википедия дан

Май алмашуу жана анын бузулушу.

Май алмашуу ичеги-карын жолунда майдын ажыроосунан башталат. Алды менен Май эмульсияланып, суу фазасында «калкып жүрүүчү» эң майда тамчыларга ажырайт. Майдын эмульсияланышында өт кислоталары чоң роль ойнойт. Ичке ичегинин эпителийинде май кислоталары менен глицеринден Майдын үзгүлтүксүз синтези жүрүп турат. Колит, дизентерия жана башкалар ичке ичегинин ооруларында Майдын жана майда эрүүчү витаминдердин сиңирилиши бузулат. Май алмашуунун өзгөрүлүшү Майдын ажыроосу менен сиңирилиши бузулганда болот. Уйку безинин ооруларында (мисалы, катуу кармаган жана өнөкөт панкреатитте) май сиңбейт. Майдын сиңүүсүнүн бузулушу ичегиге өт аз келгенде, ичегинин былжыр чели жабыркаганда жана башкалар байкалат. Канда липиддердин көбөйүшү (гиперлипемия) ачка болууда, кант диабетинде, нефроздордо, катуу кармаган гепатитте, диатезде болот. Диатез менен жабыркаган оорулууга майды көп берүүгө болбойт. Гиперлипемия ууланууда айрыкча боор кошо жабыркаса, ошондой эле эндокрин бездери (калкан сымал, жыныс бездери жана башкалар) жетишсиз иштөөсүнөн болот. Майдын канда азайышы (гиполипемия) дистрофияда жана гипертиреоздо байкалат. Организмге тамак менен көп май киргенде заара менен көбүрөөк май чыгат (липурия). Липурия диабетте, учукта, заара жолдорунун таш оорусунда, нефроздордо, алкоголь менен ууланууда да болот. Май алмашуу углевод алмашуу менен тыгыз байланышта. Нормада киши денесинин составынын 15%и май болот; кээ бир абалда ал 50%ке жетет. Айрым кишилер аз күч жумшап, күчтүү тамактарды (айрыкча углеводдор көп) ичкенден өтө семирип кетишет. Өтө семирбес үчүн углеводдору аз, ал эми белоктор, витаминдер, органикалык кислоталар жетиштүү өлчөмдө болгон диетаны колдонуу керек. Патологиялык өтө семирүү углевод-май алмашууну нейрогумордук жөнгө салуунун бузулушунан келип чыгат. Май алмашуунун бузулушу түрдүү оорулардын пайда болушуна себепкер. Май алмашууда ферменттердин активдүүлүгүнүн бузулушун жана липиддердин алмашуусун кеңири изилдөө кишинин май алмашуу менен байланышкан ооруларын дарылоодо жаңы илимий ыкмаларды иштеп чыгууга түрткү берет.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8