Антон Макаренко

Википедия дан
Макаренко Антон Семенович‎»‎ барагынан багытталды)
Антон Семенович Макаренко

Макаренко Антон Семенович (1888-жылы Украинада жарык дүйнөгө келип, 1939-жылы дүйнөдөн кеткен.) – жазуучу жана педагог. 1920-жылдан Полтавага жакын жерде жашы жетелек кылмышкерлердин эмгек колониясын жетектеген. 1926-жылы ал колония Харьковдун алдындагы Куряжга которулган. (М. Горький атындагы колония). 1927-жылдан колониядагы жумушун Харьковдун алдындагы Ф. Э. Дзержинский атындагы балдардын Эмгек Коммунасын уюштуруу менен айкалыштырган. 1928-жылдан Коммунанын жетекчиси, 1935-жылдан баштап УССРинин ички иштер комиссариатынын эмгек колониялар боюнча бөлүмүндө түрдүү кызматтарды аткарган. 1937-жылдардан Москвага келип адабий педагогикалык чыгармачылык менен алек болгон.

А. С. Макаренконун сүрөтүндө СССРдин почталык маркасы.

Макаренконун бүт ишмердүүлүгү тарбия практикасы менен байланыштуу болгон. Анын педагогикалык көз караштарынын өзөгүн тарбия процессинин негизги формасы болгон коллектив теориясы түзөт. Макаренко коллективди уюштуруу, тарбиялоо жол-жоболорунун ырааттуу системасын иштеп чыккан. Макаренко А. С. эмгектеринде үй-бүлө педагогикасынын негизги маселелери болгон үй-бүлө структурасы, анын маданияты, үй-бүлөдө тарбиялоонун методдору да иштелип чыккан. Макаренконун ачылыштары 30-жылдары субьективдүү шарттардан улам кеңири колдонулган эмес. Ага революцияга чейинки педагогика менен алек болот, авторитаризмдик тартипти бекемдөөгө умтулат деген күнөөлөр коюлган. Педагог гуманисттер (П. П. Блонский, В. Н. Сорока-Росинский ж. б.) анын иштин коллективдүүлүк формасы менен) ашкере алек болгондугун, революциялык активдүүлүгүн кабыл алышкан эмес. Макаренконун практикасы жөнүндө Н. К. Крупская, А. В. Луначарский ж. б. негативдүү ойлорун билдиришкен. Сынчылардын Макаренконун артынан сая түшүшү «Педагогикалык поэма» жарыкка чыккандан кийин да улантыла берген. 80-жылдардын акырында Макаренконун чыгармачылыгына жаңы позицияда баа берүүгө аракет кылган көптөгөн эмгектер пайда болду. Ошондой болсо да Макренконун педагогика теориясындагы ордуна ушул күнгө чейин бир жактуу баа берилбей келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004