Макаров тапанчасы

Википедия дан
Макаров тапанчасы
МТ
Түрү: Өзү октолуучу тапанча
Өлкө:  ССРС
Кызмат тарыхы
Колдонулган: СССР, Орусия, Германия, Болгария, Вьетнам ж.б.
Согуштар жана коогалаңдар: 1956-жылдагы Вьетнам көтөрүлүшү, Ооган согушу, Вьетнам согушу ж.б.
Өндүрүү тарыхы
Конструктору: Николай Макаров
Конструкторлонгон: 1948-жыл
Өндүрүүчү: Ижевск механикалык заводу
Өндүрүү кези: 1951-жылдан тарта
Өндүрүлгөн: бир нече млн даана
Мүнөздөмө
Масса кг: 0,73 (оксуз)
0,81 (октолуу)
Узундугу мм: 161,5
Стволдун узундугу мм: 93,5
Ээни мм: 30,5
Бийиктиги мм: 126,75
Патрон: 9×18 мм ПМ
Калибри мм: сызыктарынан — 9,27 ±0,075
арты — 9,00 ±0,06
4 сызык ээнинен-4,5 ±0,2
сызык кадамы — 260 ±20
Иштөө принциби: бош кайтаруу
Атуу ылдамдыгы: 1 мүнөттө 30 атуу
Баштапкы ылдамдыгы: 315 метр/секундасына
Максималдуу алыстыгы: 50 метр (эффективдүү)
200 метр (ушул аралыкка чейин күчүн сактайт)
Патрон менен жабдуу түрү: 8 октуу ок салгыч
Мээлөө түрү: ачык

9-ммдүү Макаров тапанчасы (МТ, индекс ГАУ — 56-А-125) — өзү октолуучу тапанча,1948-жылы совет контруктору Николай Фёдорович Макаров конструторлаган. 1951-жылдан тарта Макаров тапанчасы совет өлкөсүнүн, ал таркаганда анын курамында турган Орусия, Казакстан, Украина, Кыргызстан ж.б өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн жана укук коргоо органдарынын коргонуу жана чабуул коюу үчүн кызматтык тапанчасы.[1]

Өндүрүү тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Макаров, Николай Фёдорович (1914-1988) Макаров тапанчасынын конструктору

1947-1948 жылдары СССРде Срвет армиясынын улуу командалык составына жаңы,тыгыз тапанчага конкурс өткөрүлүп жаткан. ТТ тапанчасы жана Наган револьвери эскирип калган түрү болчу. Армияга тапанчанын эки түрүн: офицерлер үчүн узун стволдуу автоматтуу (Стечкин автоматтуу тапанчасы жараган) жана кичигабариттүү- улуу офицерлерге жана тынчтык кездин куралы катары киргизүүнү чечишкен. Конкурстун шарттары боюнча эркин затвордуу жана өзү октолуучу ударно-спусковой механизми менен тапанча иштеп чыгуу керек эле. Үлгү катары ошол кездеги жакшы куралдардын бири, 1929-жылдан тарта чыгарылчу Вальтер ПП тапанчасы көрсөтүлгөн. Алгач 7,65 мм жана 9 ммдүү калибр менен эки үлгүнү көрсөтүү талап кылынган. Кийинчерээк 9-мм патрондун негизинде жасалган, Вальтер ПП тапанчасында колдонулган 9×17 мм патронунан күчтүүрөк (октун күчү 300 дж) 9×18 мм ПМ патронуна токтошкон. Бул патрондун огу,кубаттулугу аз болгондугуна карабастан, 7,62×25 мм ТТ патронунун огуна караганда мыктыраак токтотуучу касиетине ээ. Патрондун меелүндүгү конструкцияны кыймылсыз затвор жана эркин затвор менен колдонууга мүмкүнчүлүк берет.


Конкурска өзүнүн эмгектерин Ф. В. Токарев, С. Г. Симонов, С. А. Коровин, И. Я. Стечкин, К. А. Барышев, П. В. Воеводин, И. И. Раков, А. А. Климов, Г. В. Севрюгин, А. И. Лобанов, Н. Ф. Макаров көрсөтүшкөн. Бардык конструкциялар өлчөмү, компоновкасы жана түзүлүштөрү боюнча немецтин прототипине окшош болгон. Конкурстук программа боюнча совтеттик эмгектерден тышкары Walther PP, Mauser HSc, Sauer 38H, Beretta M1934 жана FN Browning model 1910/22 сыноодон өткөрүлгөн. Мүнөздөмөсү боюнча Макаровтун тапанчасы көптөгөн талаптарга жооп берген. Бирок конструкцияга өзгөртүүлөрдү жасоо сунушу берилген. 1951-жылы Макаров тапанчасы ПМ (пистолет Макарова) кыскача белгилөө менен армияны жана укук коргоо органдарынын куралдануусуна алынган.


Николай Фёдорович Макаров тапанчанын үстүндө күнү-түнү иштеген. Конструктордун эскерүүлөрүнөн:

« Достаточно сказать, что я в то время работал ежедневно, практически без выходных дней, с восьми часов утра и до двух-трёх часов ночи, в результате чего я дорабатывал и расстреливал образцов в два, а то и в три раза больше, чем мои соперники, что, безусловно, дало возможность в совершенстве отработать надёжность и живучесть. »


Макаров тапанчасынын жалпы компоновкасы «Вальтер ПП» тапанчасына окшош болгон. Бирок Макаров тапанчасы Вальтера ПП тапанчасынан бир нече: жөнөкөйлүүгү, конструкцисы, өзгөчө кырдаалдарда ишенимдүү иштөөсү ж.б критерийлер боюнча алдыга оозуп турган. Макаров тапанчасы 1991-жылы СССР тараган соң да куралдуу күчтөрдүн куралы катары кала берген.Өзүнүн жөнөкөйлүгү жана ишенимдүүлүгү үчүн МТ азыркы учурда да мурунку СССРдин курамында турган өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн куралы болуп келет. Азыркы учурда МТнын моддификацияларын Орусия, Кытай жана Болгарияда өңдүрүшөт.


Тапанчаны бөлүтөрүн ажыратуу/чогултуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

МТ кабы

Тапанчанын бөлүтөрүн ажыратуунун эки: толук эмес жана толук ажыратуу түрү бар. Толук эмес ажыратуу тапанчаны тазалоо, майлоо жана текшерүү үчүн аткарылат. Толук эмес ажыратуудан кийин чогултуу тескеринче тартипте аткарылат. Толук ажыратуу тапчаны кар жана сууда калып калганда тазалоо үчүн,башка майлоо түрүнө өтөөрдө жана оңдоодо аткарылат. Толук ажыратуудан кийин чогултуу тескери тартипте аткарылат. Толук ажыратуу бат-бат аткаруусуна жол беришпейт, анткени бөлүктөрүнүн бат жарактан чыгышына алып келет.


Модификациялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Макаров тапанчасынын үлгүсүндө көптөгөн согуштук, кызматтык жана граждандык модификациялар түзүлгөн.

СССР[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Макаров тапанчасы (МТ)
  • ТКБ-023 — полимердүү рамка, тажрыйбалуу үлгү.1960-жылдын баштарында Макаров тапнчасынын үлгүсүндө Тульский КБ Приборостроенияда чыгарылган. Сериялык өндүрүлбөйт(полимердүү рамкасынын касиеттери заказ берүүчүнүн талаптарына жооп бербеген).

Орусия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • ИЖ70 (9×18 мм,8 патрондуу ок салгыч, түздөлүүчү мээлөө) — коммерциялык варианты,1990-жылдардын башында «спорттук-машыгуучу тапанча» катары чыгарылган.
  • ИЖ70-17A (.380 ACP, 8 патрондуу ок салгыч, түздөлүүчү мээлөө)
  • ИЖ70-17AS (.380 ACP, 8 патрондуу ок салгыч, түздөлүүчү мээлөө, хромордук жасалгалоо, от алдыруучу пластик пружина)
  • ИЖ70-17AH (.380 ACP, HiCap, түздөлүүчү мээлөө)
  • ИЖ70-18A (9×18 мм, 8 патрондуу ок салгыч, түздөлүүчү мээлөө)
  • ИЖ70-18AS (9×18 мм, 8 патрондуу ок салгыч, түздөлүүчү мээлөө, хромордук жасалгалоо)
  • ИЖ70-18AH (9×18 мм, HiCap, коммерциялык түрү, түздөлүүчү мээлөө)
  • ИЖ71-18 (9×18 мм, HiCap, түздөлбөөчү мээлөө)
  • ИЖ71-17 (.380 ACP, HiCap, түздөлбөөчү мээлөө)
  • Байкал 442 (9×18 мм патрондуу спорттук тапанча, 8-, 10- же 12-октуу ок салгыч, ок салгыч бекиткичи менен заманбап ММТ(модернизацияланган Макаров тапанчасы) түрү.
  • ММТ (модернизацияланган Макаров тапанчасы) 1990-жылы күчтүүрөк 9×18 мм ММТ патронуна чыгарылган, 12 октуу ок салгычы менен. 1994-жылы куралданууга алынган.
  • ИЖ-71 — 9×17 мм патронуна чыгарылган кызматтык тапанча, 1994-жылы чыгарылган, 1996-жылдан 2008-жылга чейин сериялуу чыгарылган, андан ары МР-71 атында чыгарыла баштаган.
  • ИЖ-71-100 — 9×17 ммпатронуна чыгарылган кызматтык тапанча, 10 октуу ок салгыч менен ИЖ-71дин модификациясы, 2008-жылдын Аяк оона айынан тарта MP-71Н аты менен чыгарылат.
  • MP-448 «Скиф» — полимердүү рамкасы менен модификация
Иж 79-8 газ тапанчасы
  • 6П42-9 — 9-мм газ тапанчасы түздөлүүчү мээлөө.
  • 6П42-7.6 — ТК-024 7,6-мм патронуна газ тапанчасы
  • ИЖ-79-8 (индекс — 6П42) — калибри 8 мм газ тапанча
  • ИЖ-79-9 — 9-мм газ/травматикалык тапанча
  • MP-471 — служебный травматический пистолет под патрон 10х23 мм Т патронуна ылайыкталып чыгарылган кызматтык тапанча, 2004-жылы чыгарылган.
  • ИЖ-79-9Т «Макарыч» — 9 мм P.A аптронуна ылайыкталып чыгарылган, резина ок менен атуу мүмкүнүлүгү бар газ тапанчасы.
  • MP-80-13T — травматический пистолет под патрон .45 Rubber патронуна ылайыкталып чынарылган травматикалык тапанча.
  • МТ-Т —9 мм P.A патронуна ылайыкталып чыгарылган травматикалык тапанча. Чыгаруучу ЗиД, баары 5 миң чыгарылган.
  • Байкал МР-654К — 4,5-мм пневматикалык газобаллондуу, тапанча, реплика MP-71Н.
  • Байкал MP654KS (хромордуу MP654K)
  • МР-371 — «Жевело» жана КВ21 капсюлуна ылайыкталып чыгарылган сигнал берүүчү тапанча,ИЖ-79-9Т түзүлүшүнө окшош,бүт баардык түзүлүшү болоттон.
  • ПМФ-1 — 4-мм 5-октуу тапанча, (фактикалык револьвер) Флобера патронуна ылайыкталып чыгарылган.

ГДР[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Pistole M — Германия чыгарган Макаров тапанчасы
  • Pistole M —9×18 мм патронуна ылайыкталып чыгарылган стандарттуу Макаров тапанчасы. 1956-жылы СССРден лицензия алгандан кийин, 1957-жылы биринчи тапанчалар чыгарылган, 1958-жылда тарта сериялык чыгарууу башталган.
  • Pistole Mk — .380 ACP, эксперименттүү

Германия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Pistole Simson-Suhl Makarov — коммерциялык модели, Германиянын бириккенинен кийин чыгарыла баштаган.
  • LEGENDS MAKAROV - 6-ммдүү пневматикалык газобаллондуу тапанча, Umarex немец компаниясы чыгарат.

Болгария[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Makarov — лицензионная копия ПМ под патрон 9×18 мм патронуна ылайыкталып чыгарылган Макаров тапчасынын лицензиондук көчүрмөсү(эки версиясы бар — согуштук жана көлдүк),Казанлык шаарындагы №10 заводдо чыгарылчу.
  • Arsenal Р-М01 — 1990-жылдын модификациясы. Эки вариантта чыгарылып келген:
  • Miltex Special Edition — 9×18 мм патронуна ылайыкталып чыгарылган тапанчанын комерциялык варианты,
  • Miltex Special Edition Sporting Pistol —9×18 мм жана .380 ACP патрондоруна ылайыкталып чыгарылган тапанчанын комерциялык варианты.(хромдолгон жана жылтыратылган версиясы)
  • Arsenal Brand Sporting Pistol — 9×18 мм жана .380 ACP патрондоруна ылайыкталып чыгарылган спорттук тапанча.
  • Б-1300 — вариант с уменьшенной длиной рукояти и изменёнными накладками на рукоять[2]

Кытай[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Type 59 (согуштук версиясы) — 1959-жылы чыгарыла баштаган.
  • Norinco Sporting Pistol (экспорттук версиясы)

Украина[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • травматикалык тапанча «Вий» 9 мм Р. А. патронуна ылайыкталып чыгарылат.(Чыгаруучу — ООО «СОБР») сериялык Макаров тапанчаларын кайрадан башкача жасоо менен өндүрүлөт. Стволду алмаштыруу менен кайрадан жасалат.
  • травматикалык тапанча ПМ-Т 9 мм Р. А. патронуна ылайыкталып чыгарылат.(Чыгаруучу — ООО «Эрма-Интер»)
  • травматикалык тапанча ПМ-РФ 9 мм Р. А. патронуна ылайыкталып чыгарылат.(Чыгаруучу  — НПО «Форт»)

Колдонуучу өлкөлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кызыктуу фактылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Макаров тапанчасы Восток корабльнин космонавттарынын буюмдарында болгон, башкача айтканда Макаров тапанчасы ачык мейкиндикте биринчилерден болгон ок атуу куралы.
  • «Макаров» кинофильминин сюжети Макаров тапанчасынын айланасында, башкача айтканда Макаров тапанчасы негизги рольду жаратат.
  • Финляндияда практикалык атуу курстанрында Макаров тапанчасы, 4 милдеттүү түрдө үйрөнө турган куралдардын арасына кирет.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Болотин Д. Н. История советского оружия и патронов. — СПб.: Полигон, 1995
  • А. Б. Жук. Энциклопедия стрелкового оружия: револьверы, пистолеты, винтовки, пистолеты-пулеметы, автоматы. М., АСТ — Воениздат, 2002
  • Неизвестный Макаров. // журнал «Оружие», № 10, 2004 (специальный выпуск)
  • М. Драгунов. В честной борьбе. // журнал «Калашников. Оружие, боеприпасы, снаряжение», № 1, 2008. с. 14-25

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көрмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Пил Макаров ПМ: тарых, дизайн, сүрөт жана видео сереп
  2. А. Б. Жук. Энциклопедия стрелкового оружия: револьверы, пистолеты, винтовки, пистолеты-пулемёты, автоматы. — М.: Воениздат, 2002. стр.296-297