Түндүк Македония

Википедия дан
Македония‎»‎ барагынан багытталды)

Түндүк Македония Республикасы
макед. Република Северна Македонија
алб. Republika e Maqedonisë së Veriut

Герб
Туу Герб
Урааны: «Слобода или смрт за Македонијa»
«Македония үчүн эркиндик же өлүм»
Гимн: «Денес Над Македонија»noicon
Эгемендүүлүк күнү 8-сентябрь 1991-жылы

Югославиядан)

Расмий тилдери македон тили
албан тили
Борбор шаары Скопье
Ири шаарлар Скопье, Куманово, Битола
Президенти Стево Пендаровский
ISO коду MK
ЭОК коду MKD

Македония, Түндүк Македония Республикасы (макед. Република Македонија [rɛˈpublika makɛˈdɔnija])Европадагы мамлекет, Балкан жарым аралында. Батышынан Албания, түндүгүнөн Сербия, чыгышынан Болгария, түштүгүнөн Грекия менен чектешет. Аянты 25,7 миң км2. Калкы 2,1 млн (2011).

БорборуСкопье шаары. Акимчилик-аймактык жактан 84 коомдука бөлүнөт (2004-жылдан). Акча бирдиги – динар. Түндүк МакедонияБУУнун (1993), ЭВФтин (1993), Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (1993), Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (1995), Европа кеңешинин (1995), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2003) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Македония – унитардык мамлекет. Конституциясы 1991-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – аралаш республика. Мамлекет башчысы – президент, 5 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Чогулуш). Аткаруу бийлигин өкмөт ишке ашырат. Македонияда көп партиялуу саясий система орун алган. Башкаруучу саясий партиялары: Македония улуттук биримдик демократиялык партиясы – Македония революциялык уюму, Македония социал-демократиялык союзу, Интеграция үчүн демократиялык союз.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жери тоолуу; анда негизинен орто бийиктиктеги келки тоо массивдери (өлкөнүн аймагынын 2/3 бөлүгүн ээлейт) көптөгөн тоо аралык тектоникалык ойдуңдар менен айкалышып жатат. Эң бийик тоо массивдери өлкөнүн түндүк жана борбордук бөлүктөрүндө жайгашкан: Кораба (бийиктиги 2764 мге чейин, өлкөнүн эң бийик чокусу), Шар-Планина (2748 м, Титов-Врх чокусу), Баба-Планина (2600 м, Пелистер чокусу), Якупица (2540 м, Солунска-Глава чокусу) ж. б. Чыгышындагы тоолордун айрымдарынын бийиктиги гана 2000 мден ашат. Тоо аралык ички ири ойдуңдары: Пелагония (аянты 4000 км2; түштүк бөлүгүндө), Скопье (1840 км2), Полог, Овче-Поле, Славиште (түндүк бөлүгүндө). Темир кен таштары, хром, марганец, никель, кобальт, коргошун, цинк, жез, сурьма, курамында алтын, күмүш кездешкен полиметалл кен таштары, курулуш материалдары ж. б. кендери бар.

Климаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Климаты мелүүн, жер ортолук климатка өтмө. Ойдуңдарында кышы мелүүн серүүн жана жаан­чыл, жайы ысык, кургакчыл. Январдын орточо температурасы 0,7–1°С, июлдуку 21–23°С; жылдык орточо температурасы 12,5–14,5°С. Жылдык орточо жаан-чачыны тоо аралык ойдуңдарда (Скопье) 450 ммден өлкөнүн батышындагы тоолордо 1200 ммге чейин. Жапыз тоолордо абанын жылдык орточо температурасы 6,2°Сге, орто бийик тоолордо 4,7°Сге чейин төмөндөйт. Өлкөнүн аймагы негизинен Эгей жана Адриа деңиздеринин алаптарына кирет. Дарыя агымынын 80%тен ашыгы өлкөдөгү эң ири дарыя – Вардардын (Македониянын чегинде узундугу 300 кмдей) жана анын ири куймаларынын алаптарында пайда болот. Башка ири дарыялары: Кара Дрин (батышында), Струмешница (түштүк-чыгышында). Ири калдык көл­дөр да кездешет: Охрид (Мененын чегиндеги аянты 230 км2), Преспа (176,8 км2), Дойран (27,1 км2). Ирригациялык жана коммуналык-тиричиликте пайдалануу максатында жалпы көлөмү 1 млн м3ден ашкан 20 суу сактагыч курулган, алар – Шпилье (Кара Дрин дарыясында), Тиквеш (Црна) ж. б. Топурак-өсүмдүктөрү тоолордо бийиктик алкактуулук боюнча таралган. Жапыз тоолордогу байтерек, хмелеграб, каштан, ак чечек аралаш өскөн эмен токою 1000–1100 м бийикте бук токою менен алмашат. 1700–1800 м бийиктен жогору ийне жалбырактуу европа карагайы, көк карагай токою, айрым жерлеринде эндемик румелия кызыл карагайы өскөн реликт токой сакталган. Токойдун чегинен жогору тоо кызыл карагайынан, арча токоюнан турган ийри-буйру өскөн субальп токою, аскалар менен айкалышкан альп шалбаасы мүнөздүү. Ойдуңдары негизинен айдалган, жапыз тоо токойлору айрым жерлеринде талаалашкан шалбаа жана бадалдар, кызыл карагай көчөттөрү менен алмашкан. Македония токойлуулугу 40%ти түзөт (2010). Македонияда коргоого алынган 74 табият аймагы бар, аларга Пелистер (1848-жылы уюшулган), Маврово, Галичина улуттук парктары, табият резерваттары, табият эстеликтери ж. б. кирет.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Македониялыктар элинин 64,2%ин, албандар 25,2%ин түзөт; Ошондой эле түрк, цыган, серб, бошняк, хорват ж. б. улуттар да жашайт. 20-кылымдын 2-жарымында калк 75%ке өскөн (1948–2002-жылы македониялыктардын өсүүсү 64,4%ке, ушул эле мезгилде төрөлүүнүн жана миграциялык агымдын көптүгүнөн албандар 15,8%ке, цыгандар 176%ке жеткен). Калк Вардар дарыясынын өрөөнүндө, Пелагония түздүгүндө, ошондой эле тоо аралык айрым өрөөндөрдө жыш отурукташкан. Расмий тили – македон тили, улуттук азчылык жашаган жерлерде алардын тили пайдаланылат. Македониянын калкынын 70%тейи христиандар (анын 68%тейи православныйлар, 1%тейи католиктер жана униаттар), 30%ке жакыны мусулмандар. Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 81 киши (2010). Шаар калкы 59%. Скопье борбордук агломерациясынын калкы 593,0 (2009; өлкөнүн калкынын 29%и); ири шаарлары: Куманова, Битола, Тетово, Прилеп, Велец, Охрид, Гостивар, Штип.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Македония аймагында адамдар неолит убагында эле жашаган. Биздин заманга чейинки 5–2-кылымда кул ээлик мамлекет пайда болуп, биздин заманга чейинки 3–2-кылымда аны римдиктер караткан. 9–10-кылымда Македонияда христиан дини тараган. Македония аймагы 10-кылымдын 70-жылдарында Батыш Болгар падышалыгынын, 1018-жылы Византиянын, 1230-жылы Экинчи Болгар падышалыгынын жана 14-кылымдын ортосунда сербдердин (падышасы Стефан Душан) курамына кирген. 14-кылымдын аягында Осмон империясы басып алган. Түрк бийлигинин мезгилинде көптөгөн шаарлар түрктөштүрүлүп, мусулман кыштактары пайда болгон. Түрк феодалдарынын эзүүсү жана Македонияга күч менен ислам дининин киргизилиши түрк бийлигине жана феодалдарга каршы көтөрүлүштөргө (1560, 1593, 1606) алып келген. Көтөрүлүштөр басылгандан кийин (1690) калк массалык түрдө өлкөдөн сырткары (Габсбургдар империясына, Орусияга) чыгып кеткен. Болгариядагы улуттук кыймылдын таасири менен Македонияда да улуттук кайра жаралуу процесси башталып, 1830–60-жылдарда Македонияга болгар мектептери ачылган. 1877–78-жылдары орус-түрк согушу аяктаган соң, Сан-Стефан тынчтык келишими (1878) боюнча Македониянын кыйла бөлүгү Болгар княздыгына кирген. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Македония атаандаш улуу державалардын ортосунда талашка түшкөн аймактардын бири болгон, ошол эле учурда Балкан өлкөлөрүнүн ортосунда Македония үчүн күрөш күчөгөн. 1895-жылы Софияда Жогорку Македон комитети (ЖМК), 1900-жылы Жогорку Македон-Одрин комитети (ЖМОК) түзүлүп, алардын мүчөлөрү саясий көз карандысыздык үчүн күрөшкөн жана Болгарияга биригүүнү көздөшкөн. Болгарияда Осмон бийлигине каршы куралдуу отряддар пайда болгон. Түрктөргө каршы күрөш күчөп, 1902-жылы Орусия-Австрия сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Македонияда прогрессчил маанайдагы реформа болуп, улуттук принциптеги административдик-аймактык бөлүштүрүү башталган. 1-Балкан согушунун (1912) жүрүшүндө Македония түрктөрдөн бошотулуп, 1913-жылы экинчи Балкан согушу аяктаганда Бухарест тынчтыгы (1913) боюнча Македония Сербия (Вардар Македониясы), Грекия (Эгей Македониясы) жана Болгариянын (Пирин крайы) ортосунда бөлүнгөн. 1-дүйнөлүк согуш мезгилинде Болгария Вардар Македониясын жана Эгей Македониясынын бир бөлүгүн басып алып, согуштан кийин Сербияга кайтарып берген. 1918-жылы Вардар Македониясы Сербия менен бирдикте сербдер, хорваттар, словендер королдугуна, 1929-жылдан Югославияга кирген. 1941-жылы апрелде Югославияны монархиялык Болгария, калганын Италия басып алган. 1944-жылы декабрда Югославия элдик боштондук армиясы Кызыл Армия менен бирге Югославия аймагын бошоткон. 1945-жылы ноябрда Югославия Элдик Федерация Республикасы (ЮЭФР) жарыяланган. 1963-жылы Македония ЮЭФРдин курамына союздук республика катары кирген. 1989-жылдын аягында Европадагы окуяларга байланыштуу ЮЭФРда саясий кризис күчөп, 1991-жылы 8-сентябрдагы референдум боюнча Македония өз алдынча мамлекет деп жарыяланган (17. 9. 1991). 1992-жылы Македония аймагына (Сербия менен чектеш аймагына) БУУнун тынчтыкты колдоочу аскер контингенти кирип, кийин Косового которулган. 2001-жылы 13-августта эл аралык ортомчулардын (АКШ, НАТО, ЕС, ОБСЕ) катышуусунда кризисти саясий жол менен чечүү үчүн төрт жактуу келишим түзүлүп, ушул документке ылайык македониялыктар уюткулуу, жергиликтүү улут катары укугунан ажыратылып, өзгөчө көңүл албан тилине бөлүнүп, ага экинчи расмий тил статусу берилген.

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Македония – Европадагы мамлекеттердин ичинен экономикасы салыштырмалуу жакшы өнүкпөгөн өлкө. ИДПнин көлөмү 19,5 млрд доллар (2010), аны киши башына бөлүштүргөндө 9,4 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 61,4%ти, өнөр жайыныкы 27,2%ти, айыл жана токой чарбаларыныкы 11,4%ти түзөт.

Өнөр жайынын башкы тармактары: энергетика, металлургия, химия, жеңил жана тамак-аш. Отун-энергетикалык балансынын түзүмүндө көмүрдүн үлүшү 50,1%, нефть менен нефть продуктуларыныкы 29,8%, табигый газдыкы 0,8%, гидроэнергиясыныкы 18,3% (2007). Нефть менен табигый газга болгон муктаждык толук импортко байланыштуу. Металлургия өлкөдө темир, темирайоникелдүү кен таштар, марганец казылып алынып, болот, прокат, цинктелген тунуке, труба-прокат, феррокуйма чыгаруучу ишкана, заводдор бар. Скопьеде алюминий куурларын жана конструкцияларын чыгаруучу завод иштейт. Машина куруу станок, айыл чарба машиналарын, кузовдор автомобиль тетиктерин ж. б., химиялык дары-дармек, лак-боёочу, химиялык була, косметика, курулуш материалдары (портландцемент, бетон, айнек, фарфор, курулуш карапалары, кооздоочу курулуш материалдарын ж.б., жеңил (кебез-кездеме жана жүндөн жасалган буюмдар, жибек, трикотаж, тигилүү кийим-кечек, жүндөн ийрилген жип, жасалма мех), өнөр жай ишканалары иштейт. Килем токулат. Тамак-аш өнөр жай (кант, ун, нан, сүт, май, консерва) өнүккөн. Экспорттук негизинен – тамеки чыгарат. Македония чыгарган шарабы жана пивосу менен да белгилүү.

Айыл чарбага жарактуу жер өлкөнүн аймагынын 53%тейин ээлейт, анын ичинде айдоо жери 24%, бак-дарак жана жүзүмзар 2%, шалбаа 2%, жайыт 25%. Негизинен чакан фермалар, ошондой эле көп тармактуу ири чарбалар иштейт. Айыл чарбанын негизги тармагы – өсүмдүк өстүрүүчүлүк. Өлкөнүн агроклиматтык шарты дыйканчылык үчүн ыңгайлуу, бирок айдоо жердин кыйла бөлүгү (60 миң га айдоо) сугатты талап кылат. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: буудай, жүгөрү, арпа, шалы, кара буудай, буурчак, жашылча, картөшкө, кант кызылча, таттуу калемпир, бакча ж. б.; маанилүү техникалык өсүмдүгү – тамеки, мөмө-жемиш дарактарын (алма, инжир, кайналы, шабдалы, өрүк ж. б.), жүзүмчүлүк өнүккөн. Мал чарбасын­да жайытта басылма чарбасы өнүккөн. Кой, эт багытындагы мал асыралат. Куш чарбалары. 2007-жылы 818 миң кой, 254 миң бодо мал, 2264 миң үй кушу, 255 миң чочко болгон. Аарычылык, кокон өстүрүү, көлдөрдө балык чарбасы өнүгүүдө.

Тейлөө чөйрөсүнүн башкы тармактары – чекене соода жана социалдык (билим берүү, саламаттыкты сактоо, коммуналык, административдик ж. б.) жактан тейлөө. Македониянын бирдиктүү банк активинин 71,3%ин чет өлкөлүк капитал көзөмөлдөйт (2007; 21,8%и улуттук жеке менчик, 6,0%и мамлекеттик). Каттоого алынган кредиттик-финансылык мекемелерде (бардыгы 20 га жакын) универсалдуу типтеги банктар басымдуулук кылат.

Туристтерди тейлөө жана мейманкана бизнеси – тейлөө чөйрөсүнүн эң келечектүү тармагы. 2008-жылы туризмден түшкөн киреше ИДПнин 6,1%ин түзгөн. 2007-жылы Македонияга 230,1 миң турист негизинен Сербия, Грекия, Болгария, Албания­дан) келген. Македонияга келген туристтердин 1/3нен ашыгы Охрид шаарын жана Охрид көлүнүн жээгин кыдырат (Охриддин табият жана тарыхый эстеликтери Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген). Ысык булактары курорттордо кеңири пайдаланылат.

Македония – Түштүк Европадагы маанилүү жолдор тоому. Өлкөнүн башкы жана эң жыш (автомобиль жана темир жол магистралдуу) транспорт өзөгү Вардар дарыясынын өрөөнү аркылуу өтүп, Зальцбург (Австрия) – Любляна (Словения) – Загреб (Хорватия) – Белград (Сербия) – Скопье – Салоники (Грекия) эл аралык транспорт коридорунун бир бөлүгү болуп саналат. Транспорттун негизги түрү болгон автомобиль жолунун узундугу 13,7 миң км (2007). Жогорку ылдамдыктагы негизги автомагистралы – Александр Македонский атындагы жол (Куманово – Скопье – Валес – Гевгелия, Узундугу 201 км). Темир жолунун узундугу 925 км. Маанилүү жана электрлешкен жалгыз линиясы – Табановце – Куманово – Скопье – Гевгелия (315 км). Албания жана Болгарияны карай темир жол курулууда (2009). Магистралдык куур транспортунун Узундугу 388 км (2008), анын 313 кми нефть кууру [Салони­ки (Грекия) – Скопье (өткөрүмдүүлүгү жылына 2,5 млн тонна нефти)], 98 кми газ кууру (Орусиянын газы Болгариянын аймагынан Скопьеге келет). Охрид жана Преспа көлдөрүндө кеме каттайт (Албания менен жүргүнчү ташымы бар). Македониядагы 18 аэропорттун экөө (Скопье жана Охридде) эл аралык.

Экспортко кара металлургия продукциясын, текстиль жана тигүү буюмдарын, азык-түлүк (негизинен мөмө-жемиш, жашылча), суусундук, тамеки, минералдык сырьё (жез концентраттарын ж. б.), отун (нефть продуктуларын), машина жана жабдууларды, химикаттарды, фармацевтика дары-дармектерин чыгарат. Македониянын товарларына негизги кардарлар: Сербия, Германия, Грекия, Италия, Болгария, Бельгия, Хорватия. Сырттан машина куруу Өнөр жайынын продукцияларын, болот прокатын, айыл чарба продуктуларын сатып алат. Македониянын негизги импортёрлору: Орусия, Германия, Сербия, Грекия, Италия, Болгария, Кытай.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим берүү тармагын Билим берүү жана илим министрлиги тейлейт. Мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү 9 жылдык орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Билим берүү – македония албания, түрк жана серб тилдеринде жүргүзүлөт. 4 мамлекеттик жана 11 мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлары иштейт. Македония илимдер жана искусство академиясы (1967), Улуттук жана ыйык Климент Охридскийдин университеттик китепканасы, Мамлекеттик архиви (1951), Улуттук музей (1977) бар.

Македон жана албан тилинде гезиттер, журналдар чыгат. Радио уктуруусу (1944-жылдан), телекөрсөтүүсү (1964-жылдан), 2007-жылдан «Нет Пресс интернет» агенттиги иштейт. 1880–1910-жылдары македондук адабий тилдин илимий негиздери түзүлө баштаган. 2-дүйнөлүк согуш жылдарында Македониянын адабияты үчүн жаңы жанрлар – марш-ырлары, ыр-балладалар жана баатырдык поэмалар пайда болгон. Македонияда биринчи адабий журнал «Нов ден» (Скопье, 1945–50) жарыкка чыккан. 1940–50-жылдары Македониянын адабиятында модернизмдин таасири күчөгөн. 1950–60-жылдары Маданиятында улуттук салтты жана классикалык мурасты жаратуу жанданган. 1970-жылдары Македония адабиятында постмодернизм багыты жаралат (М. Манджунков, В. Манчев), интеллектуалдык поэзия (Г. Тородовский, В. Урошевич, М. Матевский), элдин тарыхый тагдырын изилдөөгө роман жанры кайрылат (В. Малеский, С. Яневский, Ж. Чинго). Драматургияда салттык социалдык-турмуштук драманын трансформациясы пайда болот. 1980-жылдардын адабиятында 20-кылымдагы улуттук тарыхтын, трагедиялык окуялар чагылдырылган. 1990–2000-жылдары прозада Т. Георгиевский, П. М. Андреевски, Л. Старова, Т. Крсетский ж. б. жазуучулар, поэзияда С. Г. Димоский, З. Анчевский, Я. Нинов, С. Гигов-Гиша ж. б. акындар чыгышты.

Орто кылымда сүрөт искусствосу кыйла өнүккөн. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында ири шаара (Скопье, Битола, Охрид, Ресен) европалык эклектизмдин духундагы курулуштар пайда болгон. Россиядан окуп келишкен живописчилер Д. Андонов Папрадишкий жана Ж. Зографский чиркөө живописине фольклордук мотивдерди, тарыхый композицияларды, портреттерди, пейзаждарды, элдик турмуштун сценаларын чагылдырышкан. Музыкалык маданиятында фольклордун жана чиркөө ырларынын салттары сакталган. 1894-жылы Велесте маданий-агартуу коому, 1895-жылы Скопьеде үйлөмө аспаптар оркестри уюшулат. Биринчи македониялык профессионал музыкант А. Бадев (музыкалык билимди Москвадан, Санкт-Петербургдан алган) Прилепте чиркөө хорун (1879) уюштурган. Биринчи дүйнөлүк согуш бүтөрү менен Скопье, Битола, Тетово, Штип, Струмица шаарында музыкалык турмуш кайра жанданып, ыр коомдору кайрадан түзүлүп, иштей баштаган. Скопье жана Битолада Македониянын тарыхында биринчи симфониялык музыка концерти болот. 1928-жылы Скопьеде жеке музыкалык мектеп ачылат. 1930-жылдарда биринчи македондук профессионал композитор С. Гайдов, Ж. Фирфов, Т. Прокопьев, Т. Скаловски, А. Хаджи-Николов, П. Богданов-Кочко, И. Джувалековский, И. Кастро ж. б. иштей башташат. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин македониялык композиторлор неоромантизмдин, экспрессионизмдин, неоклассицизмдин, неофольклоризмдин духунда аваздык-аспаптык, камералык, симфониялык жана театр. музыканы түзүшөт. Согуштан кийинки мезгилдеги көрүнүктүү композиторлордун арасынан орус мектебинин таасирин алган К. Македонский опералардын (биринчи улуттук опера «Гоце», 1954; тарыхый тематикадагы опера «Падыша Самуил», 1968; «Илинден», 1973, бардыгы Скопьеде коюлган) жана симфониялардын автору; Т. Прокопьев, Т. Прошев (булар да опералардын авторлору); Г. Смокварский, Б. Ивановский, В. Николовский, Т. Зографский, С. Голабовский, Р. Аврамовский, Б.Трайков, Д. Бужаровский (пианист жана дирижёр) белгилүү. Бүгүнкү күндөгү музыкалык маданиятын борбору Скопье болуп эсептелет. 1944-жылы симфониялык оркестр негизделген, анын базасында филармония уюшулган (1954-жылы оркестр филармониялык болуп калган). Музыкалык маданиятын өнүгүшүндө маанилүү ролду 1945-жылы негизделген Скопьедеги Радионун Хору жана Музыкалык балет окуу жайы (азыркы И. Николовски-Луя атындагы окуу борбору), кыл аспаптар Квартети (1937-жылы негизделген, 1945-жылы кайра түзүлгөн). 1947-жылы Македония элдик театрында алгачкы жолу опера коюлган (П. Масканьинин «Айыл намысы», македон тилинде), 1948-жылы опералык труппанын негизинде Мамлекеттик опера уюштурулуп, Б. В. Асафьевдин «Бакчысарай фонтаны» балети коюлган. 1960-жылы аягы ченде Улуттук опера жана балет театры ачылган, ал 2004-жылдан Мамлекеттик опера жана балет театры деп аталат. Мененын эң көрүнүктүү маданият ишмерлери дирижёрлор Т. Скаловский, Т. Прокопьев, ырчы П. Богданов-Кочко эсептелет. 1950-жылы фольклордук институт түзүлгөн, 1966-жылы Жогорку музыкалык мектеп (азыркы музыка академиясы) ачылган.

Театры[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1901-жылы Болгариянын Плевен шаарында македониялык драматург В. Чернодринский «Камкордук жана сооротуу» деген биринчи македониялык театралдык труппа түзгөн. Анын репертуарында негизинен патриоттук пьесалар (анын ичинде Чернодринскийдин «Македондук кандуу үйлөнүү тою»), ошондой эле турмуштук сценкалар болгон. 1913-жылы Скопьеде такай иштеген биринчи труппа – Король Александр I атындагы Улуттук театр пайда болгон. 1920–30-жылдарда македониялык профессионалдык театр түзүлүшүнө орус эмигранттары чоң салым кошушкан. Фашисттик оккупацияга каршы күрөштүн жылдарында (1941–45) партизандык отряддардын алдында театр. бригадалар жана агитколлективдер аракетте болушкан. Югославия бошотулгандан кийин Скопьедеги Улуттук театр Македония улуттук театры болуп атын өзгөрткөн. Анын репертуарында улуттук классиктердин (Чернодринский, Илёско, Крле) пьесалары, учурдагы македониялык авторлордун чыгармалары (К. Чашуле, Т. Арсовский, Г. Стефановский, Й. Плевнеш, Д. Дуковский), азыркы чет өлкөлүк драматургиялар (С. Беккет, Э. Ионеско, С. Кейн) кирген. 1960-жылдардын ортосунан Скопьеде «Эл театры» улуттук азчылыкты көрсөткөн театр ачылат. 1990–2000-жылдары Прилеп, Штип, Куманово шаарында жаңы театрлар ачылган. 1945-жылы Скопьеде театралдык академия иштейт.

Киносу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуттук кинематографияны негиздөөчүлөр болуп бир тууган Я. жана М. Манакилер эсептелет. Алар 1905-жылы Македониянын айыл-кыштактарында, шаарында хроникалык сюжеттерди үзгүлтүксүз тарта башташкан. Бирок 1-дүйнөлүк согуш учурунда алардын иштери токтоп, кинофонд жоюлуп кеткен. Македония кинематографиянын кайрадан жанданышы 2-дүйнөлүк согуштан кийин башталат. 1947-жылы Скопьеде «Вардарфильм» деген киностудия түзүлүп, хроникалуу-документалдык тасмалар тартыла баштаган, 1952-жылы биринчи толук метраждуу фильм (В. Малескийдин сценарийи боюнча В. Нановичтин «Фросина» согуштук драмасы) тартылган. Студияда СФРЮнун ар кайсы республиканын режиссёрлору иштешкен, анын ичинде Ф. Штиглиц («Карышкыр түнү», 1955), Ж. Митрович («Мисс Стоун», 1958). Македониянын киносунун көтөрүлүшү 1960-жылдардын 2-жарымына туура келет. 1967-жылы Македония кинематографиясы үчүн этаптык болуп эсептелген. Т. Поповдун «Македондук кандуу үйлөнүү тою», Османлинин «Мементо», Георгиевскийдин «Каар тоосу» фильмдери коюлган. 1970-жылдарда македониялык анимациялык киносу эл аралык атакка ээ болот. 1979-жылдан Битол шаарында бир тууган Манакилердин атындагы Эл аралык кинофестиваль өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]