Макеева Фатима Хусеиновна

Википедия дан

Макеева Фатима Хусеиновна - адабиятчы.

Фатима Макеева Жети-Өгүз районунда 1935-жылы 25-декабрда туулган.
1961-жылы Кыргыз Кыз-келиндер институтунун филология факультетинин орус тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн.
1961-1965-жж. чейин Москвадагы М.Горький атындагы Дүйнөлүк адабияттар институтунун аспирантурасында адабият таануу адистиги боюнча окуган.
Ф.Макееванын илимий ишмердиги 1961-жылдан башталган.
1965–1977-жж. Кыргыз ССР ИАсынын Чыгыш таануу бөлүмүндө улук илимий кызматкер,
1977–1993-жылдары В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун орус жана чет элдик адабияттар кафедрасында доцент болуп иштеген. Кандидаттык диссертациясын «Ясыр Шивазанын чыгармачылыгы» деген темада жактаган.
1993-жылдан Чүй университетинин филология кафедрасында профессор.
Дунган таануу боюнча 50гө жакын илимий макалаларды орус, кыргыз, дунган тилдеринде жазып, борбордук жана республикалык гезит-журналдарда, 5 макала кытай тилинде жазылып, Кытайдагы борбордук журналдардын беттеринде жарыяланган.
Ф.Макеева 1990-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Ал Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер.
Дунган таануу боюнча эларалык конференциялардын катышуучусу. Австралиялык, Кытайлык жана Япондук илимпоздор менен илимий байланышта.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус тилинде

  • Певец весны: Заметки о лирике Ясыра Шивазе. – Ф.: Кыргызстан, 1967 – 69 с.
  • Становление и развитие дунганской советской литературы. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 107 с.
  • Творчество Ясыра Шивазы. – Ф.: Илим, 1974. – 96 с.
  • Арли Арбуду. – Б., 1997. – 72 с.
  • Мгновенья. – Б., 2004. – 96 с.