Макешова Айчүрөк Искендеровна

Википедия дан

Макешова Айчүрөк Искендеровна - жазуучу.

Айчүрөк Макешова Талас районунун Кеңеш айылында 1951-жылы 25-майда туулган.
1973-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык-педагогикалык факультетин бүтүрүп, мугалим болуп иштейт.
1981-жылдан Талас облустук «Талас турмушу» гезитинде кабарчы, бөлүм башчы, облустук гезиттин алдында уюштурулган адабий ийримдин жетекчиси, 1997-жылдан республикалык «Кыргыз туусу» гезитинде өз кабарчы.
Чыгармачылык жолу мектеп жашынан башталып, «Кыргызстан пионери» гезити, «Жаш Ленинчи» журналы ж.б. республикалык массалык маалымат каражаттарына, республикалык радио берүүлөрдөн «Акылтайга» катышып, макала, аңгеме, жомок ж.б. материалдары «Кыргызстан маданияты» жумалыгына, «Ала-Too» журналына жарыяланып турган.
Алгачкы прозалык жыйнагы «Кошокчу аял» деген ат менен 1983-жылы жарык көргөн.
1988-жылдан СССР Журналисттер союзуна, 1991-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө.
1998-жылы Республикалык Журналисттер союзунун акын Сүйүнбай Эралиев атындагы сыйлыктын лауреаты болгон.
Кыргызстан аялдарынын IX съездинин делегаты (1987).

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Кошокчу аял: Аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 80 б. Турмуш элеси: Повесттер, аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 120 б. Каралдыңды унутпа: Повесттер, аңгемелер. – Ф.: Адабият, 1990. – 176 б. Туткун: Роман. – Б.: Бийиктик, 2007. – 144 б.