Макешов, Кабыл Асангелди уулу

Википедия дан

Кабыл Асангелдиевич Макешов (Кабыл Макеш) - Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргызстандык белгилүү спорттук баяндамачы, журналист,жазуучу.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кабыл Макешов Асангелди уулу (Кабыл Макеш) (каймана аттары: Кычан, Кабылан) 1961-жылы 10-сентябрда Кыргызстанда Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Он-Арча кыштагында - Эчки-Башы айылында төрөлгөн.

Чоң атасы Макеш - кыргыз, алдыңкы чабан аталып, 1940-жылы Москва шаарында өткөн СССРдин эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнө барган, чоң энеси Шаарба казак болгон. Чоң энеси колунан көөрү төгүлгөн уз, элдик дарыгер, жамакчы, кошокчу адам катары урмат-сыйга арзыган.

Атасы Асангелди Макешов (1941-2018) Нарын раонундагы "Коммунизм" колхозунун алдыңкы механизатору, чабаны болуп, чарбанын өсүп-өнүгүшүнө салым кошкон. Жаш кезинде эр эңиш, кыргыз күрөшү, ордо, улак-тартыш мелдештерине катышып, айылдын намысын коргоп, байгелүү орундарды ээлеген. Ордо оюнунун чебери аталып, шахматты да жакшы ойногон.

Апасы-Жакыпова Керез (1943-2010) 10 уул-кыз төрөп, "Баатыр эне" төш белгисинин ээси болуп, уул-кыздарына татыктуу таалим-тарбия берген, шырдак, ала кийиз жасап, боз үй жабдууларын жасаган уз болуп, обон созуп мыкты ырдаган, өнөрлүү мекенчил инсан болгон. Кабыл он бир туугандын улуусу.

Кабыл оболу сегиз класска чейин Эчки-Башы айылдагы "Коммунизм" (азыркы Жусуп Иманалиев атындагы) орто мектепте окуган.

Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте окуп жүргөндөн баштап облустук, республикалык гезиттерге макала жазып, штаттан сырткаркы кабарчы катары таанылган. Алгачкы макаласы 1976-жылы "Нарын правдасы" гезитине жарык көргөн.

1979-жылы эмгек жолун Нарын облусттук «Нарын правдасы» гезитинде редакция башчысы болуп баштаган.

1981-жылы Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз филологиясы жана журналистикасы факультетинин күндүзгү журналистика бөлүмүнө кабыл алынып, тайпанын комсоругу, кыргыз филология факультетинин комсомол уюмунун катчысынын орун басары, 1983-жылы Кыргызстан ЛКЖС Борбордук комитетинин Республикалык студенттик курулуш отряддарынын штабынын басма сөз катчысы болуп, коомдук иштерге активдүү катышкан. Кыргыз Улуттук университетин 1986-жылы бүтүп, Кыргызтелерадио комитетинин балдар жана жаштар редакциясында редактор болуп иштеген.

Ушул Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетте улук редактор жана спорт бөлүмүнүн башчысы болуп алты жыл эмгектенген.

1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт комитетинин республикалык методикалык кабинетинин директорунун орун басары болгон.

1992-жылы «Байге» спорттук гезитин уюштуруп, башкы редактор болуп, Кыргызстандагы эң алгачкы спорттук гезитти түзүп, бир жыл чыгарып турган.

1993-жылдан 1995-жылга чейин Бишкектеги «Семетей» балдар футбол клубунун президенти болуп, жергиликтүү калктын өспүрүмдөрүнөн эки команда түзүп, бардык шарттар менен камсыз кылууга аракет кылып, эл аралык мелдештерге алып барган.

1994-жылдан 2014-жылга чейин «Азаттык» үналгысынын жана «Аалам» гезитинин кабарчысы болуп 20 жыл иштеген. 2014-2016-жылдары Би-Би-Си радиосунун кыргыз кызматында штаттан сырткары кабарчы катары кызматташып, Лондон, Рио-де-Жанейро, Сочи олимпиадалык оюндарын жеринен чагылдырып турган.

«Замандаш» журналында, "Барометр" гезитинде, "Кабар-Ордо" интернет сайтында дагы үч жылдай спорттук баяндамачы катары макалалары жарыяланып турду.

2016- 2019- жылдары "Спутник-Кыргызстан" маалымат агентигинде штаттан тышкары кабарчы, колумнист катары кызматташып иштеген.

2016-2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Бетме-Бет" гезитинде улук кабарчы болуп эмгектенген.

2016-жылдан бери "Кыргыз тудей" интернет сайты менен кызматташып, макалаларын жарыялап келүүдө.

Кабыл Макешов 2014-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада Комитетинин аткаруу комитетинин мүчөсү.

2021-жылдан бери "Кут Билим" гезитинин спорттук баяндамачысы

Кабыл Макешовдун демилгеси менен 1995-жылы Кыргызстандын спорт журналисттеринин федерациясы уюшулган.

1995-жылдан бери Эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын (AIPS) мүчөсү.

Кабыл 2003-жылдан Кыргызстандын спорт журналисттер федерацияcынын башкы катчысы болуп саналат.

2008-жылы Кабыл Макешовдун демилгеси менен "Азамат Алтай" эл аралык коомдук фонд (кору) уюшулуп, анын негиздөөчүсү болуп, ар жыл сайын Каракол, Жалал-Абад мамлекеттик университеттеринин эң мыкты студенттерине Азамат Алтай атындагы стипендиялар берилип жүрөт. Ошондой эле эң мыкты радио журналисттери үчүн Азамат Алтай атындагы сыйлыктар ыйгарылып, эстелик медалдары чыгарылган.

2020- 2021-жылдары "Турар" басмасынын негиздөөчүсү, коомдук ишмер Тилек Мураталиевди эскерүүгө арналган эл аралык бильярд турнирин уюштуруучуларынын бири болуп, мелдештин башкы калысы болгон.

1976-жылдан бери жалпыга маалымдоо каражаттарына Кабыл Макешовдун 20 миңдей макала, очерктери, публицистикалары жарык көрдү.

Кабыл Макешов спорттук баяндамачы катары Атланта, Сидней, Афина, Бээжин,Лондон, Рио-де-Жанейро, Токио жайкы олимпиадалык оюндарына жана Солт-Лейк-Сити, Турин,Сочи,Пхенчхен кышкы олимпиадаларына барып, «Азаттык үналгысына» жана "Эркин Европа-Азаттык үналгысынын" казак, түркмөн кызматтарына жана Би-Би-Си радиосуна түз репортаж уюштуруп турган.

Ошондой эле Бангкок, Пусан,Доха,Гуанджоу, Астана жана Алматы,Инчхон шаарларында өткөн Азия оюндарына катышып, «Азаттык үналгысына» түз репортаж уюштурган.

Мындан сырткары AIPSтин Түштүк Корея, Испания, Канада, АКШ, Кытай, Катар,Улуу Британия, Орусия,Малайзия,Иран,Италия, Түркия, Греция өлкөлөрүндө өткөн Конгресстерине Кыргызстандан делегат болуп катышкан.

Анын журналисттик ишмердиги "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери" ардак наамы, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы жана Кыргызстандын журналисттер кошуунунун, Эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын "Олимпиадалык, спорт медиа бийиктиги" сыйлыгы, Улуттук Олимпиада комитетинин, спорт федерацияларынын, кыргыз дене тарбия жана спорт агенттигинин сыйлыктары менен бааланган.

Спортко бала кызыгып, эркин күрөш, лыжа менен чуркоо, жеңил атлетика спорт ийримдеринде машыккан. Эркин күрөш боюнча Нарын шаардык, Нарын облусттук биринчиликтерине катышкан. Лыжа менен чуркоо боюнча республикалык чемпионаттарга катышкан. Женил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын Универсиада оюндарында Кыргыз Улуттук университетинин намысын коргогон. Кабыл Кыргызстандын спорт журналисттеринин Спартакиадасынын бир нече жолку чемпиону болуп саналат. Спорттон сырткары элдик медицинага, улуттук адабиятка, архитектурага кызыгат. Спорттук, олимпиадалык белгилерди (значок, марка, медалдарды) чогултат.

Кабыл Макешов кыргыз спортунун тарыхын жана спорттук энциклопедияны жазып, "Кыргызстан: дене тарбия жана спорт энциклопедиясы" аттуу түстүү, 37 басма табак көлөмдөгү китеби 2011-жылдын этегинде жарыялады.

2012-жылдын 20-декабрында Кыргызстандын олимпиадалык кыймылынын тарыхын, байге алган олимпиадачылар, Азия оюндар тууралуу кеңири баяндалган "Кыргыз Республикасы: Олимпиаданын санжыралуу жолунда" деген 27 басма табак көлөмүндөгү түстүү китеби жарык көрдү.

2014-жылы сентябрь айында англис жана кыргыз тилдериде "Азия Олимпиадалык Кенеши: Азия оюндарынын тарыхы" аттуу
түстүү, 35 басма табак көлөмдөгү китеби жарык көрдү.

2015-жылы май айында Кыргыз спортунун тарыхын жана спорттук энциклопедияны толуктап жазып, "Кыргыз Республикасы: Дене тарбия жана спорт энциклопедиясы" аттуу түстүү, 56 басма табак көлөмдөгү китебинин экинчи басылышы чыкты.

2015-жылдын сентябрь айында " Кыргыз Республикасы: Грек-рим күрөшү: түстүү, 18 басма табак көлөмдөгү китеби "Турар" басманканасынан басылып чыкты.

2017-жылы "Абакир - азыркынын Кошойу" деген китеби "Улуу Тоолор" басмасынан жарык көргөн.

2017-жылы "Жусуп Иманалиев - биринчи мугалим" деген китеби "Турар" басмасынан басылып чыкты.

2017-жылы «Динамо-сила в движении и единстве» толук түстүү китеби "Турар" басмасынан чыккан.

2018-жылы «Аскер Карыбаев-Тандалмалар» китебин түзүп, даярдап, "Турар" басмасынан чыгарган.

2020-жылы «Москва олимпиадасы-Кыргыз спортунун туу чокусу» деген толук түстүү китеби "Турар" басмасынан жарык көрдү.

2020-жылы «Кыргыз Республикасынын олимпиада жылдыздары»  аттуу толук түстүү китеби "Турар" басмасынан чыкты.

2021-жылы "Мурат Саралинов: О, спорт, сен жашоосуң" аттуу толук түстүү китеби "Турар" басмасынан жарык көргөн.

2021-жылы "Мурат Саралинов: О, спорт, ты-жизнь" аттуу толук түстүү китеби орус тилинде "Турар" басмасынан жарык көргөн.

2021-жылы «Кыргыз Республикасы олимпиада оюндарында»  аттуу толук түстүү китеби "Ордо" басмасынан чыкты

2021-жылы "Дүйнөнү дүңгүрөткөн дзюдо" деген толук түстүү китеби "Турар" басмасынан жарык көрдү.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү, жубайы Динар Карыбаеванын кесиби да журналист.

Улуу уулу Жоомарт Макешов 2012-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүткөн. Чуй облусттук ооруканада балдар невролог-врачы болуп иштеп, учурда Бишкек шаарындагы жеке өздүк клинкасында эмгектенет.

Кызы Жанара 2012-жылы Кыргыз улуттук университетин психология адистиги менен бүтүп, Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы республикалык Олимпиадалык резерв окуу жайында психолог-мугалим болуп иштеген. Азыркы учурда аутизм боюнча психолог болуп Эл Аралык уюмда иштейт. Жанаранын жолдошу Азаматтын кесиби юрист. Экөө 2017-жылы 12-октябрда төрөлгөн Нураалы деген уулду тарбиялап жатышат.

Кичүү уулу Бишкектеги Улуттук компьютердик гимназиянын 9-классын бүтүп, 2018-жылдан бери Бишкек шаарындагы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында комуз адистиги боюнча окуп жатат. Ошондой эле Номер 9- музыкалык мектепте комуз классын дагы бүткөн.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2000-жылы Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин «Олимпиадалык алтын ордени» менен сыйланган.

2010-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган.

2008-жылы “Дене тарбия жана спорттун мыктысы (отличниги) ” төш белгиси менен да сыйланган.

2010-жылы Бишкек мэриясынын Москва олимпиадасынын коло байге ээси Сатымкул Жуманазаров атындагы сыйлык менен сыйланган.

2021-жылдын 17-августунда Президент Садыр Жапаровдун жардыгы менен "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери" ардак наамы ыйгарылган.

2021-жылы Эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын (AIPS) "Олимпиадалык, спорт медиа бийиктиги" сыйлыгы менен сыйланган.


1992,1994,1996,1997,1998,1999, 2000,2001,2002,2004,2006, 2008, 2009, 2010, 2011, 2012, 2013, 2014-2015, 2016, 2018, 2020-жылдары Кыргызстандын мыкты спорттук журналистти деп таанылып, урмат-сыйга арзыган.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин юбилейлик медалдары, Бишкек мэриясынын, Кыргыз Республикасынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин, Спорт федерацияларынын Ардак Грамоталары жана Эстелик медалдары менен көп жолу сыйланган.

Адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Макешов, Кабыл. Кыргызстан: Дене тарбия жана спорт энциклопедиясы. - Бишкек: Турар, 2011. - 298 бет, сүрөттөр. - ISBN 978-9967-15-107-9.
  • Макешов, Кабыл. Кыргыз Республикасы: Олимпиаданын санжыралуу жолунда. -Бишкек: Турар, 2012. - 222 бет, сүрөттөр. - ISBN 978-9967-15-204-5.
  • Макешов, Кабыл. Азия Олимпиадалык кенеши: Азия оюндарынын тарыхы (англис, кыргыз тилдеринде). - Бишкек: Турар, 2014. - 398 бет, сүрөттөр
  • Макешов, Кабыл. Кыргыз Республикасы: Дене тарбия жана спорт энциклопедиясы. - Бишкек: Турар, 2015. (толукталып, 2-басылышы) - 450 бет, сүрөттөр. - ISBN 978-9967-15-107-9.
  • Макешов, Кабыл. Кыргыз Республикасы: Грек-рим курошу-Улут сыймыгы. - Бишкек: Турар, 2015.- 1300 бет, сүрөттөр. - ISBN 978-9967-15-107-9.
  • Макешов, Кабыл. "Абакир - азыркынын Кошойу" .-Бишкек : "Улуу Тоолор", 2017. 268 бет.
  • Макешов , Кабыл. "Жусуп Иманалиев - биринчи мугалим" , - Бишкек ."Турар", 2017, 315-бет.
  • Макешов, Кабыл. «Динамо-сила в движении и единстве» Бишкек, "Турар", 2017, 345-бет.
  • Макешов, Кабыл. «Аскер Карыбаев-Тандалмалар»,- Бишкек, "Турар", 2018, 278-бет.
  • Макешов, Кабыл. «Москва олимпиадасы-Кыргыз спортунун туу чокусу» , Бишкек, "Турар" 2020, 148-бет.
  • Макешов. Кабыл «Кыргыз Республикасынын олимпиада жылдыздары» . Бишкек, "Турар" 2020. 268-бет.
  • Макешов Кабыл. "Мурат Саралинов: О, спорт, сен жашоосуң" .Бишкек. "Турар" 2021. 196-бет. Макешов Кабыл. "Мурат Саралинов: О, спорт, ты-жизнь" . Бишкек. "Турар" 2021, 198-стр. Макешов Кабыл «Кыргыз Республикасы олимпиада оюндарында»  Бишкек, "Ордо". 2021. 276-бет

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]