Макмал, суу

Wikipedia дан

Макмал, суусуТогуз-Торо жана Ак-Талаа райондору аркылуу аккан суу, Алабуганын сол куймасы. Узундугу 41 км, алабынын аянты 441 км2. Жалгызкыр тоосунун түштүк-чыгыш тарабынан башталат. Өрөөнүнүн таманы түзөң , тоо капталдары жантайыңкы, жарлар кездешет. Негизинен кар, булак жана жаан-чачын сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 1,8–2,5 м3/сек, көп чыгымы июнь – июлда, азы февраль – мартта байкалат. Апрель – сентябрда кирип, октябрь – мартта тартылат. Ири куйма лары: Караңгытокой, Алма, Чоң-Таш (сол). Негизинен кар, булак жана жаан-чачын сууларынан куралат. Боюнда Макмал кыштагы жайгашкан.

Макмал.jpg

Адабият[оңдоо]

*Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо]

Эркин Тоо гезити, "Кыргыз жергеси"