Владимир Маковский

Википедия дан
Маковский, Владимир Егорович‎»‎ барагынан багытталды)

Маковский, Владимир Егорович (1846, Москва – 1920, Петроград) – орус живописчиси, академик (1873), Петербург сүрөт академиясынын (СА) анык мүчөсү (1893). Москва живопись, ийчилик жана зодчийлик окуу жайында (1861–66) окуган. 1894–1918-ж. Петербург САда мугалим. 1895-жылдан ректор. 1872-жылдан Көчмө сүрөт көргөзмө өнөктүгүнүн мүчөсү. Алгачкы чыгармалары тиричилик темаларына арналса, 1870-жылдардын ортосунан шаар турмушуна байланыштуу темаларга көп көңүл бурган. Орус коомунун турмушун чагылдырган чыгармаларында карапайым (жакыр) элдин оор турмушу (алардын кубанычы, иши) сүрөттөлөт (“Кембагалдарга жолугушу”, 1874; “Күтүү”, 1875 жана башкалар). 1880–90-ж. М-дин чыгармачылыгынын гүлдөгөн мезгили. “Банктын ойрондолушу” (1881), “Жолугушуу” (1883), “Волгада” (1896) деген сүрөтүндө М-дин демократчыл көз карашы ачык көрүнөт. Революциялык мазмундагы сүрөттөрдү да жараткан (“Революционерди суракка алуу”, 1904; “1905-ж. 9-январда Васильев аралында”, 1905).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]