Макро же макробуйрук

Википедия дан

Макро же макробуйрук (англ. Macro - Макрос, макрокоманда). Электрондук жадыбал же текстик процессор ж.б.у.с. колдонмолор менен иштөөдө убакытты үнөмдөөчү дагы бир элемент болуп макролор саналат. Макро деп бир нече буйруктарды камтыган чоң буйрук аталат. Макро буйрук баскычтарды басуу менен жазылат жана алар сакталып коюлат. Макрону иштетүүдө тиешелүү баскыч басылат жана ал боюнча бир нече буйруктар удаалаш аткартылат. Макролор көп жолу кайталап аткарылуучу аракеттердин санын азайтуу максатында түзүлөт. Макролорду колдонгон маселелерге мисал болуп берилиштерди бир электрондук жадыбалдан экинчисине которуу, электрондук жадыбалдын үлүшүн басуу ж.б.у.с. аракеттер кирет. Макро кайталануучу же татаал маселелерди аткарууну автоматташтырууда пайдаланылат. Эгерде калыптоо же редакциялоо сыяктуу маселелерди кайталоону автоматташтыруу керек болсо, анда макро жазылат. Макрону жазуу аны каттоодон башталат, ага бир катар аракеттер жазылат. Макрону каттап, анда каралган аракеттерди каалаган учурда кайталаса болот. Азыркы учурда көп колдонмолор программалоонун макро тили катары Visual Basic же башка программалоо тилин колдонушат, программалоо методдору менен тааныш болгондор өздөрүнүн макролорун жазып алышат. Visual Basic тилинде жазылган макролордо программалоонун негизги үч башкаруу структуртурларын пайдаланууга болот. Макро модулу ичинде обжект, класс ж.б. обжектке багытталган программалоо менен түзүлөт. Visual Basic макро обжекттери аныкталган колдонмолордо гана колдонулат, мисалы, электрондук жадыбалда уяча, уячалар диапазону же барак обжект боло алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3