Мактоо ырлары

Википедия дан

Мактоо ырлары — элдик ырчылардын чыгармаларындагы тематикалардын бири болуп, конкреттүү бир адамга же топко карата мактоо, жакшы сапаттарды даңазалоо мүнөзүндо ырдалган лирикалык түрдөгү чыгармалар. Реакциячыл багыттагы акындар мындай ырларды бай-манаптардын мартабасын ашыруу максатында пайдаланышып, анын байлыгын, бийлигин, а түгүл, айрым терс жактарын да жакшы сапат катары көкөлөтө ырдашып, өздөрүнүн «эшик ырчылык» парзын аткарышкан. Ал эми прогрессивдүү көз караштагы элдик акындар карапайым адамдардын өнөрүн, баатырдыгын, адамдык сапаттарын элге жайылтышкан. Ар кандай мактоо ырларында максатына жараша гипербола, салыштыруу көп пайдаланылып, макталып жаткан адамдын жакшы жактарын көтөрү идеясы биринчи планга коюлган.
Мисалы:
Сымбаты сулуу чүрөктөй,

Суюлуп чачың жибектей,

Созула чыктың жарыштан,

Суулугуң жанга сүрөтпөй.

Эрдиги жандын билинбей,

Эмгекке катуу киришпей.

Каркырадай көрүнгөн,

Салабаттуу нускасы,

Элге дайын угулган

Эпкиндеп кылган кызматы,

Кыргызга даңктуу Зууракан

Кызылчанын устаты.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004